Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

БУШ ӨЗ КОМАНДАСЫ МЕНЕН КОНСУЛЬТАЦИЯЛАРДЫ БАШТАДЫ


АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы аскери операциялардын келечегине байланыштуу консультациялардын жаңы түрмөгүн баштады. Бүгүн ал Ирактагы аскери командачылыктын өкүлдөрү жана Багдаддагы элчиси менен түз байланыш аркылуу кеңешме өткөрөт. Бу маселени Буш кечээ мамлекеттик департаменттеги жабык жыйында талкуулады.

Мамлекеттик департаменттеги жыйынга вице-президент Ричард Чейни менен тышкы саясий мекеменин башчысы Кондализа Райс катышты. Президент Буш талкууда кандай ой-пикирлер жана сунуштар айтылганын тактаган жок, бирок мамлекеттик департаменттеги аналитиктерден пайдалуу кеңештерди укканын белгиледи. Бардык америкалыктардай эле администрация да Иракта ийгиликке жетүүнү каалайт, деп айтты Буш. Мунун арты, анын ишениминде, түпкү эсепте келип АКШнын коопсуздугун коргойт.

Буш бүгүн Багдад менен түз байланышка чыгып, аскери командачылыктын мүчөлөрү жана АКШнын Багдаддагы элчиси Залмай Халилзад менен кеңешме өткөрөт. Ирактагы саясаттын маселелерин Буш аскери адистер менен да талкуулоону көздөп жатканын айтты. Мамлекеттик департамент менен Пентагондун иш-аракеттерин айкалыштыруу зарылдыгын белгилеп, президент проблеманын бардык өңүт-кыры менен таанышып чыккан соң америкалыктарга кайрыла турганын кошумчалады.

Бүгүн Ак үйдө Буш Ирактын вице-президенти Тарик ал-Хашемини да кабыл алганы жатат. Эртең Пентагондо консультацияларды өткөрөт.

Өткөн аптада Жеймс Бейкердин комиссиясы президент Бушка Ирактагы аскери операцияларды кыскартып, дипломатиялык ыкмаларга өтүүнү, буга Сирия менен Иранды тартууну сунуш кылган эле. Мамлекеттик департаменттеги кечээки жыйында бул маселе да талкууланганын ырастап, Буш регионалдык дипломатияны өнүктүрүүдө демилгени Багдад өзүнө алганын кубаттады.

Ирактагы саясатты өзгөртүү тууралуу өзүнүн чечимин Буш ушул айдын этек ченинде жарыя кылганы жатат.

XS
SM
MD
LG