Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

КОФИ АННАНДЫН КОШТОШУУ СӨЗҮ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан коштошуу сөзүн адам укуктарына арнады жана аны негизинен АКШга багыштады. Аннан 31-декабрда ырасмий түрдө кызматын тапшырат. Улуттар Уюмун ал он жыл жетектеди. Бул жылдардын ичинде орчундуу беш сабак алганын белгилеп, дүйнө өлкөлөрүн коллективдүү жоопкерчилик, мыйзам улуктугу, глобалдык коопсуздук, өз элинин алдындагы жоопкерлик жана мултилатерализм принциптерин бекем сактоого чакырды.

Кофи Аннан кайыр-маазир сөзүн айтканы атайы президент Гарри Трумэндин Индепенденс шаарындагы китепканасын тандап алды. Байкоочулар муну азыркы президент Жорж Бушка багышталган кыйыр сын деп баалашты. Трумэн учурунда Улуттар Уюмун түзүү идеясын активдүү жактаган, Буш болсо соңку жылдары бул уюмду бир нече ирет сынга алган.

Аннан өз сөзүндө Трумэндин мурасына америкалык жетекчиликтин назарын бурду. Атап айтканда, “ири мамлекеттердин жоопкерчилигин дүйнө элдерине үстөмдүк кылуудан эмес, аларга кызмат кылуудан” көргөн Трумэндин кебин келтирди. АКШ мындай жоопкерчиликти өзүнө алганда эмнелер жасаларын, кандай максаттарга жетсе болорун президент Трумэн бийликте турганда жакшы далилдеген, деп белгиледи Аннан. Кокус Кошмо Штаттары мындай жоопкерчиликтен тышкары калса, анда бүгүн деле көп нерсе дүйнөдөгү бир да мекеменин колунан келбейт.

АКШ тарыхый жактан адам укуктары үчүн эл аралык кыймылдын такай алдыңкы сабында болуп келген, деп көрсөттү Аннан. Ушул аңытта ал Кошмо Штаттары өз принциптерин терроризмге каршы күрөштө да сакташы керектигин, ушундай шартта гана ал дүйнөдөгү лидерлик абалда каларын эскертти. Ал эми Америка өз идеалдары менен максаттарынан четтегендей таасир калтыра баштаганда чет өлкөлөрдө камтамачылык күчөйт, деп айтты Аннан.

Аннан азыркы дүйнөнүн коопсуздугу бөлүнгүс маселе экенин да эске салып өттү. “Башкалардын баарына үстөмдүк кылууга умтулган бир да өлкө өзүн коопсуз кыла албайт, биз баарыбыз бир-бирибиздин коопсуздугубуз үчүн жоопкербиз, ушул багытта биргелешип иштегенде гана туруктуу коопсуздукка жете алабыз”,- деп белгиледи Аннан. Дагы бир маанилүү сабак катары Аннан мамлекеттер бир-биринин байгерчилиги үчүн да өз ара жоопкер экендигин бөлүп көрсөттү. Бу жагынан алганда азыркы башкы милдет, Аннандын айтымында, Батыштын же Чыгыштын цивилизациясын гана сактап калууда турган жок. Азыр бүткүл цивилизация коркунучта калды, аны сактап калуу үчүн бардык элдердин биргелешкен күч-аракети керек.

Аннан өнүгүп-өсүү жана коопсуздук адам укуктары менен мыйзам улуктугуна жараша болоруна айныбай көзү жеткенин белгиледи. Мыйзамдын ашыкча үстөмдүгүнөн бир да коом жабыр тартпайт, тескерисинче, баары, жалпы эл аралык коомчулук мыйзам бийлиги жетишпегенден жабыркап жатат, деп айтты Аннан.

Аннандын ишениминде, ар бир өкмөт эл аралык жана ички иштерде өз элинин алдында бирдей жоопкер болууга тийиш. Мунсуз демократиялык институттар иштебейт, адилеттик камсыз болбойт, байлар менен алдууларга жакырлар менен алсыздар дегеле таасир көрсөтө албай калат, деп белгиледи Аннан.

XS
SM
MD
LG