Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

ОППОЗИЦИЯДАГЫ ДЕПУТАТТАРГА БИР ДА КОМИТЕТ ТИЗГИНИ ТИЙГЕН ЖОК


Жогорку Кенештин комитет жана комиссия төрагаларын шайлоо 11-декабрда негизинен соңуна чыкты. Бирок, бир да комитет төрагалыгына оппозициялык маанайдагы депутаттардан көрсөтүлгөн да жок, шайланган да жок. Аткаруу бийлигине жакын депутаттардын бардык комитеттерди көзөмөлдөшү президент сунуштаган мыйзам долбоорлордун кабыл алынышына, өкмөт менен парламенттин натыйжалуу иштешине шарт түзөбү?

Талдоочулардын пикиринде, Жогорку Кеңеште туруктуу оппозициялык маанайдагы эки депутаттык топ бар. Ал катарында жети депутаты бар «Жибек жолу» жана сегиз депутаттан турган «Эл биримдиги» тобу. Аларга көз карандысыз тогуз депутаттын жетөөсү кошулат. Ал эми бийликке жакын депутаттык топко «Эл менен» (10 депутат), «Мекен» (9 депутат) жана кайсы бир деңгээлде «Келечек» (7 депутат) депутаттык тобун кошууга болот. Ал эми «Ак жол» (7 депутат), «Кыргызстан» (7депутат) , «Биримдик» (8 депутат) депутаттык топторунун мүчөлөрү көбүн эсе эки ортодо жүрүшөт.

Өткөн жумада башталып дүйшөмбү күнү соңуна чыккан комитет төрагалары үчүн күрөштө алгач оппозициялык депутаттык топтор алдыга чыгып, бирок кармашуу бийликке жакын топтордун толук жеңиши менен аяктады. Анткени, эки ортодо жүргөн депутаттык топтор бийликчил топтор менен тил табышып кетти. Ушуну менен аткаруу бийлиги менен парламенттик көпчүлүк тил табышып, натыйжада президент 4-декабрдагы сөзүндө тезирээк кабыл алууга чакырган мыйзам долбоорлорун кабыл алууга жол ачылдыбы? Бул суроого «Эл менен» депутаттык тобунун лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков мындай жооп берди:

"Мен президентчил, өкмөтчүл дегенге толугу менен кошула албаймын. Себеби бүгүн бул же, тигил тарап жеңди деген туура эмес. Парламенттик азчылык, парламенттик көпчүлүк деген түшүнүк бар. Парламенттик көпчүлүк негизенен комитеттерди көзөмөлгө алды. Эгерде өкмөт, президент, же оппозиция тарабынан киргизилген мыйзам долбоору элге керектүү болсо, ал бардык тарабынан колдоого алыныш керек".

Президент өз сөзүндө энергетика тармагына жана Конституциянын жаңы редакциясынын толук кандуу иштешине шарт түзүүчү мыйзамдарды тезирээк кабыл алууга чакырган эле.

Энергетика тармагына байланыштуу президенттин сунушу тууралуу Келдибеков буларды белгиледи:

«Энергетика боюнча мыйзамга карата менин жекече оюм, шаардык ТЭЦин инвесторго бериш керек.Себеби финансы кичине гана түшүнгөн адам ТЭЦтин отчетун карап билсе болот, ага жыл сайын бюджеттен, элдин чөнтөгүнөн 1 миллиард сомго чейн дотация кетип жатат».

Ал эми оппозициялык «Жибек жолу» депутаттык тобунун мүчөсү Темир Сариев комитеттерге шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик үчүн парламентте кайсы бир деңгээлде ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн белгилеп, бирок депутаттар энергетика боюнча мыйзамдарды колдойт дегенге кошулбасын айтты:

«Мен колдойт деп айта албаймын. Анткени жер-жерден келген депутаттар анын маңызын түшүнүп турат. Эгерде алар бүгүн мыйзамга добуш берип койсо, эртең шайлоочуларынын алдында жооп бериш керек».

«Жибек жолу» депутаттык тобунун дагы бир мүчөсү Каныбек Иманалиев президент сунуштаган мыйзам долбоорлордун келечеги кандай болоорун боолголой албасын айтып, ал эми реформа үчүн күрөшкөн депутаттардын сыртта калышы саясий күрөш уланаарынын белгиси дейт:

«Ушул структуралык өзгөрүү эмнеден келип чыкты? Ал конституциялык реформага байланыштуу болду. Бирок, реформа болсун деп башын сайып коюп күрөшкөн Бекназаров, Текебаев, Сариев, Садырбаев, Эшимканов, Шерниязовдун бирөөсү да комтеттерге төрага да болгон жок, мүчө да болгон жок. Демек, бул саясий күрөш улантылат деген нерсе».
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG