Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

ГЕРМАНИЯДАН ЭМНЕНИ КҮТҮҮГӨ БОЛОТ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Биринчи январдан тарта Германия Еврошаркетке жарым жыл жана Чоң Жетилик өлкөлөрүнө бир жыл бою төрагалык кылат. Буга байланыштуу серепчилер Европадагы экономикасы эң күчтүү өлкөдөн эмнелерди күтүүгө болот деп собол салып жатышат.

Бул эки уюмга Германия убактылуу гана төрагалык кылат, бирок бул да болсо расмий Берлинге уюмдардын жакынкы убактагы саясатынын приоритеттүү багыттарын аныктаганга мүмкүндүк берет.

Эң оболу Германия Европаны газ жана мунай менен камсыз кылуунун коопсздугуну ойлонуштуруусу абзел.

"Еврошаркет анын энергия кызыкчылыгы Жакынкы Чыгышта эле эмес, Борбор Азия менен Россияда экенин, жана бул өлкөлөр Европанын күнүмдүк жашоосу үчүн өтө маанилүү экенин кеч аңдай баштады,- дейт Германиянын тышкы байланыштар кеңешинин кызматкери Ян Техау.

Техау бул жагдайдан улам Россия менен жакшы мамилелерде болуу канчалык маанилүү экенин белгилеп, ошону менен бирге эле Россия колундагы энергияны кардар мамлекеттерге кысмак кылуу үчүн пайдаланабы деген коркунуч жаратып жатканын айтат.

Берлиндин маанилүү приориттеринин бири бул Борбор Азия өлкөлөрү менен алакаларды өнүктүрүү. Борбор Азия менен Еврошаркеттин алакалары маң зат аткесчилигин көзөмөлдөө жана суу маселеси сыяктуу чакан проблемаларды жөнгө салуу менен чектелүүдө, бирок Борбор Азия менен Еврошаркеттин кызматташтыгын адам укуктары, демократиялык институттарды өнүктүрүү дэңгээлине көтөрсө болот.

Хьюман Райтс Уоч укук коргоо уюму Еврошаркет Өзбекстандагы абалды жакшыртуу жаатында чечкиндүү кадам жасай аларынан күмөн санайт.

"Германиянын Чыгыш Саясаты деген концепциясын жетекчиликке алган Еврошаркет уюмга Германия жетекчилик кылган жарым жыл ичинде Өзбекстандагы абал менен натыйжалуу алпуруша албайт, деп кооптонобуз,- деди Лондондо жайгашкан Хьюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Том Партеус.

Еврошаркеттин төрагасы катары Германия дагы бир маанилүү маселе - Еврошаркетке кирүүгө талапкер Түркия менен арпалышуусу керек. Түркия уюмдун мүчөсү Кипрге өзүнүн аэропорттору менен деңиз портторун ачып берген жок жана аны үчүн Брюссель Түркияны уюмга кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотуп коймок болуп жатат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Түркиянын уюмга кирүүсүнө каршы экенин жашырбайт, анын мындай позициясы Түркия-Еврошракет мамилелерине кандай таасир этери келерки жарым жылдын ичинде айкын болмокчу. Аналитиктер Түркия Еврошаркетке кирүүгө расмий талапкер жана Берлин буга таасир эте албайт дешет.

Ал Эми Чоң Жетилтиктин келерки жылдагы төрагасы катары Германия улуттук валюталардын долларга карата ара катнашын жөндөөнү приоритеттүү маселе катары коймокчу. Доллар наркынын еврого жана башка акча бирдиктерине карата төмөндөп баратканы дүйнөдөгү соодага терс таасирин тийгизүүдө. Чоң Жетиликтин алдында мындай нарксызданууну ал эл аралык финансылык системага терс таасирин тийгизе электе токтотуп калуу маселеси турат.

XS
SM
MD
LG