Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

ИРАН ЖӨНҮНДӨГҮ РЕЗОЛЮЦИЯГА ЖАКЫНДА КОЛ КОЮЛУШУ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ирандын өзөктүк программасы боюнча Европа өлкөлөрү иштеп чыккан резолюциянын долбоорун Вашингтон кубаттап, бул долбордун Иса Пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга чейин колго койуларына үмүттөнүп жатканын билдирди. Бирок Россия долбордун айрым жерлерине дагы эле тынчсыздануусун билдирүүдө.

Британия, Франция жана Германия тарабынан өткөн жумада иштелип чыккан резолюциянын долборуна ылайык, Ирандын уран байытуусу жана оор суу менен иштеген реакторлорду иштеп чыгуусуна өбөлгө боло ала турган баардык аракеттер токтотулууга тийиш жана мындай аракеттер үчүн зарыл жабдууларды, материалларды жана буга зарыл жабдууларды сатууга тыйуу салынат. Дүйнө өлкөлөрүнө Ирандын уран байытуусу жана оор суу менен иштеген реактор жасоосу менен байланышы бар бардык жарандарды өз аймагынан өткөрүүгө же өз аймагына киргизүүгө тыйуу кылынат. Жеке фирмалардын жана жарандардын Ирандын уран байытуусу менен байланышы бар баардык банк эсептери токтотулуусу керек. Эгерде Эл аралык Атомдук Энергия Агенттигинин эки айдан кийинки текшерүүсү бул талаптардын аткарылбай жатканын аныктаса, анда Иранга каршы мындан да катаң чаралар көрүлөт.

Резолюция долбоорунда ошондой эле муну менен Улуттар уюму Ирандын атомдук программасына байланыштуу талашты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу максатын көздөп жаткандыгы баса белгиленет.

АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс бул долбоордун Иса Пайгамбардын туулган күнүнө чейин Коопсуздук кеңешинде талкууланып, кабыл алынуусуна үмүтүн билдирди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров резолюциянын жаңы долборунда Иранга каршы кеңири санкциялар сунуш этилбегенине ынануусун билдирди.

-Резолюциянын жаңы долбоорунда кенири санкциялар каралган эмес, бирок МАГАТЭни камтама кылган технологияны ишке ашырууга көмөк болуучу нерселерге каршы конкреттүү чаралар көрүлгөн,- деди Лавров.

Бирок, ошону менен бирге эле Россия Иранга каттоого чектөө коюп, атомдук технология менен байланышы бар жарандарга финансылык санкцияларды киргизүү пункту боюнча камтамачылыгын билдирип, мындай чектөө Ирандын атомдук энергияны тынчтык максаттарда өнүктүрүү программасына кедерги болоорун белгиледи. Россия азыр Ирандын Бушхер шаарында жалпы баасы 800 миллион долларды түзгөн келишимди ишке ашырып, атомдук станция курууда. Келерки жылдын соңунда ишке бериле турган станция Ирандын алгачкы атомдук электростанциясы болуп калмакчы.

Бул долбоорду кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн баарынын колдоосу керек. Кытай менен Россия бул долбоорду толугу менен колдоп берери али белгисиз.

XS
SM
MD
LG