Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

КЫТАЙЛЫК АСКЕРЛЕР ПАКИСТАНДА МАШЫГУУДА


Ушул тушта Пакистанда кытай аскерлери машыгуудан өтүп жатышат. Кытай адатта чет өлкөгө куралдуу күчтөрүн жиберген учурлар сейрек кездешет. Ошондуктан бул - эки өлкөнүн ортосундагы аскериий кызматташттыктын гана бир көрүнүшү эмес шекилдүү.

Исламабаддын жанындагы Павалпинди аскер турагында Кытайдын Элдик боштондук армиясынын формасын кийген аскерлер ушул дүйшөмбүдө Пакистан аскерлери менен машыгуу башташты. Терроризмге каршы багытталган согуштук оюндар "Достук-2006" деп аталды.

Мунун алдында эки өлкөнүн жетекчилери аскердик кызматташттыкты күч алдырууга макулдашкан эле. Бирок азыркы машыгуулардын саясий жана стратегиялык максаттары да бар экендигин баамдоого болот.

Пакистан Кытай менен көптөн бери ымалаш мамиледе, ал эми Пакистандын коңшусу жана аймактык атаандашы Индия кийинки жылдары Кошмо Штаттарына көбүрөөк ыктай баштады.

Кристиан Ле Миер - Жейнс маалымат уюмунун коопсуздук боюнча улук аналитиги. Анын айтымында, Кошмо Штаттары менен Индиянын 2005-жылы түзүлгөн ядролук келишимин Пакистандын Кытай менен пакистандык жарандык ядролук өнөр жайды өркүндөтүү келишими менен тең караса болот. Ошол эле убакта, ажырымды абсолюттук деп мүнөздөөгө болбойт. Анткени Пакистан терроризмге каршы күрөштө Кошмо Штаттарынын союздашы, ал эми Индия менен Кытай өткөн айда эки өлкө ансыз деле масштабдуу орток соодасын 2010-жылга чейин дагы эки эсеге көбөйтүүгө макулдашып, Кытайдын президенти Ху Цинтао ортодо стратегиялык кызматташттыкты өркүндөтүүгө чакырды.

Айтор байкоочулар Кытайлык аскерлердин Пакистанда турушуна Индия айрыкча тынчсызданат деп эсептөөгө негиз жок экендигин белгилешүүдө. Машыгуулардын ачылышында Кытайлык аскер башчы, генерал майор Лиу Миң да бул оюндар эч бир башка үчүнчү өлкөгө коркунуч келтирбейт деп баса белгиледи:

"Ошол эле убакта Пакистан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук союзу дагы күч алса, жана Индия менен Пакистандын ортосунда жаңжал чыкса, Кытай ага кийлигишүүгө мажбур болот, бул албетте Нью-Делини тынчсыздантпай койбойт" деп белгилейт аналитик Ле Миер.

Ал эми көз карандысыз коопсуздук баяндамачысы Хасан Аскаринин пикиринде: Пакистан менен Кытайдын ортосундагы чек арадагы башкы проблема Синцяндагы уйгурлардын сеператисттик кыймылы болуп саналат жана Пакистан мында исламчыл согушкерлердин Кытайга өтүшүнө жол бербөө менен гана чектелмекчи.

Пакистанда кытайлык аскерлер баш-аягы он күн болушмакчы.

XS
SM
MD
LG