Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

«АТА МЕКЕН»: ОППОЗИЦИЯНЫ КУУГУНТУКТАГАН БИЙЛИКТИН КАДЫРЫ КЕТҮҮДӨ


“Ата мекен” партиясынын Жалалабат облусундагы мүчөлөрү «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрүн куугунтуктоо улантылып жаткандыгын билдиришти. Алар О.Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу демилгелерин КТРден көрсөтүлүшүн бийликтин өз абийирин өзү кетирип жаткандыгы менен түшүндүрүштү. Оппозиция мүчөлөрү куугунтукталган пикирди облбийлик өкүлү жалган жалаа деп баалады.

“Ата мекен” партиясы өз лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу жөнүндөгү көрсөтүүлөрдүн МТРКдан кайра-кайра берилишин саясий куугунтук катары баалайт. Саясий уюм “НТС” жана “Сентябрь” телеканалдарынын жабдууларынын керектен чыгарылышы менен да макул эмес. Партиянын ушундай пикирин айткан мүчөсү Кубат Артыковдун оюнда президенттин айланасындагы адамдар “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүн жамандоо аркылуу бийликтин кадырын кетирүүдө дейт:

-Текебаевди кайра-кайра КТРден көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат. Ошондой эле Өмүрбек Абдырахмановго, Өмүрбек Бабановго. Акаевдин мезгилинде да болуп келген. Бийлик өзүнүн кадырын кетирээрде ошондой акцияларды жасап калчу эле. Андан сырткары “НТС” каналына, “Сентябрь” каналына саясий куугунтук болуп, анын аппарат жабдыктарын тоноп кеткен.

Мындай провокациялар “К. Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө алып келүүсү ыктымал» деген оюн мындайча кошумчалады:

-Жасап жаткан провокацияны президенттин мөөнөтүнө жеткирбей, тоскоолдук кылыш үчүн Бакиевдин тегерегиндеги адамдар эле жасап жатат болуш керек. Менимче муну президент билип, тез арада токтотуш керек,- дейт Кубат Артыков.

Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин пикири боюнча ноябрдагы митингге катышкан адамдарды аңдуу, аларга каршы кылмыш иштерин бурмалап түзүү окуялары адатка айланып баратат:

-“Ата мекен” социалисттик партиясынын мүчөлөрүн азыркы бийлик органдары иштен, ар кандай куугунтуктоо, кылмыш иштерин бурмалап түзүү, аңдууларды жүргүзүп келе жатышат. Облустук офисине кол салып талкалоо, Жалалабат облусунун байланыш түйүнүн себепсиз өчүрүп салуу. Кол топтоо жана туура эмес ушак-айыңдарды таркатуу. Ошондой эле биздин партиянын мүчөсү Калибек Алиевдин үйүнө милиция орган кызматкерлери келип, апасын опузалоо ушул сыяктуу иш аракеттер болууда,- дейт Асылбек Текебаев.

Оппозициянын жогоркудай билдирүүсүн облбийлик ырастаган жок. Укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов билдирүүнү жалган жалаа деп мүнөздөдү:

-Мындай жалааларды жабуунун алдында ойлонуш керек. “Ата мекен” партиясынын өзүнүн уставы бар. Алардын максаттары бар. Ошол максаты, уставы менен иш жүргүзө берсе болот,- деди Кадырбек Бечелов.

“Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасынын орунбасары Кылычбек Маматаевдин көз карашында “Реформа үчүн” кыймылынын Бишкекте салган дүрбөлөңүнө эл чыдап келди. Ал экс-спикерди депутаттыктан чакыртып алуунун КТРден берилишин жөн-жай иш катары кабыл алды

-Текебаевге 16 миң кол топтоп берди дегенге алар эмне үчүн кыжалат болушат. Ал факты. Аны алпарып тапшырышты. Ошону айтат да. Телевизордон кайра-кайра көрсөткөнү аны эл чынбы деп сурап жатат да,- дейт Кылычбек Маматаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG