Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

АКШнын АСКЕР БАЗАСЫ УНЧУКПАЙ КУТУЛАБЫ?


«Манас» аба майданында 6-сентябрда болгон эки учактын кагылышуусу боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен аба-аскерий базасы өз тыянагын кечиктирип жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн жарандык авиация департаменти жасады. Ушул эле күнү «Манас» эл аралык аэропортунун, «Кыргызстан» акционердик коомунун өкүлдөрү америкалык аскер базасын эки тараптуу жана эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыпташты. АКШ элчилиги мындай билдирүүгө бүгүн жооп кайтарган жок.

Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация департаменти 6-сентябрда болгон авиакырсыктын тыянактарын бир жактуу чыгарып, Башкы прокуратуранын карамагына берди. Бирок, муну эки тараптын биргелешкен комиссиясынын жыйынтыгы катары кароого болбойт.

- Азыр прокуратура иштеп жатат. Ким күнөөлүү экенин эми күч структуралары чечип бериши керек, - деди департамент башчысынын орун басары Алик Аскеров.

Департаменттин жүйөөсүнө караганда, элчилик менен аскер базасы өз бүтүмүн берсе, бул ишти илгерилетүүгө шарт түзмөк.

«Кыргызстан» авиакомпаниянын кесиптик кошуунун төрайымы Смоленская Натальянын айтымында, бул кырсык 3 миллион долларга жакын чыгашага кириптер кылды: «Бирок, америкалык тараптан бир да колдоо, тилектештик мамиле болгон жок. Биз учакты калыбына келтирүүгө кетүүчү каражаттын жок дегенде бир бөлүгүн төлөп беришин сурайт элек».

Кыргызаэроновигация ишканасынын кесиптик кошуун төрагасы Анарбек Дөөлөткулов аскерий авиабазаны беш жылдан бери көрсөтүлгөн кызматтарды төлөбөй келатат деп айыптады. Анын айтымында, аэроновигация өз мүмкүнчүлүгүнүн 50% базага кызмат көрсөтүүгө жумшайт. Натыйжада көрсөтүлгөн кызматтын наркы 15 миллион долларга чыгып кетти. Мындай жагдайда диспетчерлер аскерий базага кызмат көрсөтүүнү токтотууга аргасыз болот:

- Биз беш жылдан бери аларды тейлеп келатабыз, бирок, ушу күнгө чейин төлөнбөйт. Ошондуктан, кесиптик кошуундар чогулуп Американын посолуна аскер командачылыгын өкүлүнө кайрылганбыз: мындан ары силер менен кантип иш кылабыз, төлөп беришиңиздер керек деп. Болбосо радиолокациялык жабдуулар эскирип кетти, кызмат көрсөтө албайбыз.

АКШнын аскер базасына байланыштуу билдирүү менен чыккан тараптар акыркы окуялар, анын ичинде, АКШ аскер кызматчысы тарабынан Кыргызстандык жарандын атып өлтүрүлүшү кооптуу жагдайды түзө баштаганын белгилешти. Маселен, Эл аралык «Манас» аэропортунун кесиптик кошуунун төрайымы Зинаида Семеновых мындай дейт:

- Биз булар менен күн сайын жолугушабыз. Принцибинде жылуу мамиледе болчубуз. Акыркы мезгилде аларга кызмат кылуудан, алардын акчасынан баш тартуу зарыл болуп жүрбөсүн деген маселе көтөрүлө баштады. 42 жаштагы адам өлтүрүлдү. Эки баласы калды.

Семеновыхтын айтымында, Иванов куралсыз болгон, колунда бычак эмес, тырмак өгөгүчкө окшош, өлүмгө коркунуч келтирүүгө кудуретсиз гана буюм болгон.

АКШ элчилиги өткөн аптанын этегинде тараткан маалыматында америкалык аскер бычагы бар жергиликтүү жарандан коргонуу максатында ок чыгарган. Аба аскерий базасынын тиешеси бар саналган акыркы бул эки окуя боюнча америкалык тарап эч кандай маалымат тарата элек.

Адам өлүмүнө байланыштуу президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович учактардын кагылышуусу боюнча америкалык тарап өз бүтүмүн ушул айдын этегине чейин чыгарарын билдирген болчу.

Бул аралыкта транспорт жана байланыш министрлиги Коалициялык күчтөрдүн аба-аскерий базасынын жетекчилигине «Манас» аэропортундагы коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча меморандум берди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG