Ош облусунун прокурорунун орун басары Фархад Сайдуллаев экс-депутат Мамат Орозбаевдин үстүнөн кылмыш иши мындан бир жыл мурун козголуп, бирок аны тергөөгө чакыруу анын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондугуна жана депутаттык кол тийбестик укугунан пайдаланып келгендигине байланыштуу кечеңдеп келгендигин белгиледи. Анын сөзүнө караганда 8-декабрь күнү Орозбаевдин кармалып, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилиши тергөөнү эффективдүү жүргүзүү кызыкчылыгы үчүн керек болгон, бирок сурак берүүчүнүн ден-соолугунун кескин начарлап кетүүсү аны боштондукка чыгарууга аргасыз кылган.
-Туура эмес сатылды. Баасы туура эмес бааланды. Салыктан чыгып мамлекет алданды деген жерлери бар. Депутат болду. Бир топ тоскоолдук бар болчу. Азыр депутат эмес.башка иштер болобу кайра бириктирип анан карайбыз,- деди Ош облусунун прокурорунун тергөө иштери боюнча орун басары Фархад Сайдуллаев.
Анткен менен экс-депутаттын камактан токтоосуз чыгарылышын талап кылган нааразылык акциясын уюштургандардын бири Алтынбек Исмаиловдун айтымында Орозбаевдин камакка алынышына Ак үйдө олтурган айрым бир атка минерлер себепчи болгон жана бул жерде мыйзамдын тактыгы эмес бийлик билермандарынын саясий эрки аткарылган.
-Саясий буйрук бар бул жерде. Бул жердеги кээ бир адамдарга анын орду керек болгон. Ошондуктан булар аны ошол жерден тазалашка аракет кылышып жатышат. Эптеп бир жалааны жаап туруп, кууп чыгып, ордуна өзүлөрүнүн адамдарын алып келип отургузушу керек деген Бишкектен телефон чалуулар болуп жатыптыр,-- деген оюн билдирди Орозбаевди коргоо комитетинин активисти Алтынбек Исмаилов.
Көз каранды эмес калыс пикирдеги жергиликтүү талдоочулардын көпчүлүгү да экс-депутаттын кокустан кармалышы жана кокустан чыгарылышында мыйзамдын эрежелери одоно бузулгандыгын айтышуу менен мында мыйзам талаасын коргой турган прокуратура органдары өздөрү киргиз десе киргизип, чыгар десе чыгара койгон саясий буйуртманы аткаргандыгын белгилешүүдө.
-Экс-депутат Мамат Орозбаевдин кокустан кармалып, кайра кокусунан эле чыгарылып калышы бул таң калыштуу нерсе. Себеби, бул укук коргоо органдары, прокуратура кандайдыр бир саясий күчтөрдүн нотасы менен гана иштеп калганы көрүнөт,- дейт жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозуев.
Кылмыш-жаза кодексинин 169-271 беренелери боюнча ири өлчөмдөгү коомдук мүлктү талап тоноого жол берген жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан экс-депутат Мамат Орозбаев учурда ден-соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Араван райондук ооруканасында дарылануусун улантууда.