Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

ИРАК САЯСАТЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ АКШ ЖАҢЫ ЖЫЛДАН КИЙИН КИРГИЗЕТ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ жетекчилиги акыркы күндөрдө Ирак саясатын кантип өзгөртүү маселеси үстүндө иштеп жатат. Президент Жорж Буш ар башка саясатчылар, эксперттер жана уюмдар менен жолугууда, анын жардамчыларынын айтымында, жаңы стратегия кандай болоору Жаңы жылдан кийин жарыяланышы мүмкүн.

АКШ Конгресси Ирак боюнча атайын коммиссияны март айында түзгөн жана ал өз докладын 6-декабрда жарыялады. Анын алдында президент Жорж Буш - Ирак саясаты ушул комиссиянын сунуштарына жараша өзгөртүлөт деп билдирген, бирок доклад жарыяланардын алдында - мен башка уюмдарга дагы өз алдынча доклад даярдоого тапшырма бердим, ошолорду күтүш керек деп айтты. Ал уюмдар - Мамлекеттик катчылык, Коргоо министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш.

Бирок америкалык US News & World Report гезити 10-декабрда жазып чыкканга караганда, андай докладдар сыяктуу документтерди даярдап жаткан адамдар деле жакшылыктуу эксперт эмес. Мисал үчүн, чалгындоо кызматында Ирак боюнча аналитик болуп иштеген эксперттердин арасында саналуу гана адамдын бул маселе боюнча эки жылдан ашык тажрыйбасы бар. АКШнын Ирактагы элчилигинде болсо бир миңге жакын адам иштейт, бирок алардын отуз үчү гана араб тилин билет жана алардын алтоо гана арабча шар сүйлөйт.

Анткен менен Ирак саясатына болгон мамиле чындап эле өзгөрө баштады. Америкалык Newsday гезити 11-декабрда жазганга караганда, мурда президент - биз Иракта сөзсүз жеңишке жетиш керекпиз, өз милдетибизди толук аткарып бүтмөйүнчө, Ирактан биз кетпейбиз деп айтчу. Азыр андай сөздөр колдонулбай калды жана Буш - Ирак өз маселелерин өзү чече алган көз карандысыз мамлекет болууга тийиш дей баштады.

Доклад жарыялангандан кийин президент Буш - башка уюмдар өз докладдарын эки аптанын ичинде даярдайт деп билдирген жана президенттин жардамчыларынын айтымында, Ирак саясатына киргизиле турган өзгөртүүлөр жөнүндө президент Жаңы жылдын алдында жарыяламак, бирок акыркы күндөрдө - андай жарыя Жаңы жылдан кийин болот деп айтылды: "Жаңы жылга чейин жарыя болбойт. Ал качан, кайсы жерде, кандай түрдө болоору жөнүндө биз азырынча так айта албайбыз. Эң негизгиси болсо, президент азыр бул маселе боюнча көптөгөн жумуш жыйындарын өткөрүп жатат", - деди 12-декабрда президенттин басма сөз катчысы Тони Сноу.

7-декабрда президент Буш Вашингтондо британ премьер-министри Тони Блэр менен жолукту, 11-декабрда ал Мамлекеттик катчылыктагы жыйынга катышты, он экисинде Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчилери жана америкалык элчи Залмай Халилзад менен видеоконференция өткөрдү, ошол эле күнү Вашингтондо Буш Ирактын вице-президенти Тарик ал-Хашеми менен жолукту, 13-декабрда болсо Пентагондо атайын жыйын уюштурулду.

Бирок Бейкер-Гамилтондун комиссиясы даярдаган докладдын жарыяланганы, ал докладдын авторлорунун өздөрүнүн айтымында, Ирак саясатына өзгөртүү киргизүү үчүн өтө ыңгайлуу шарт түзгөн.

XS
SM
MD
LG