Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

АМЕРИКАЛЫК ЭКС-ДИПЛОМАТ: ИРАН МЕНЕН СИРИЯГА ИРАКТЫН КӨП КОҢШУСУНУН БИРИНДЕЙ МАМИЛЕ ЖАСОО КЕРЕК


Амирбек Усманов, Прага АКШ Конгрессинин Ирактагы саясат боюнча атайын комиссиясы 6-декбарда жарыялаган сунуш-докладды көпчүлүк америкалыктар Иракта тынчтык орнотуунун мыкты долбоору ирети баалашты. Бирок, оңчул саясатчылардын көбү Бейкер-Хамильтон жетектеген топтун сунушун “багынуу”, “жеңилип берүү” деп аташып, жактырышкан жок. Айрым серепчилер, анын ичинде АКШнын Жакынкы Чыгыштагы мурдакы чабарманы Деннис Росс береги сунушта баалуу жактарына катар кемчиликтери да бар экенин айтат.

Экс-дипломат Деннис Росс шейшемби күнү Вашингтондо өткөн форумда Конгресстин атайын комиссиясы даярдаган докладга- Жакынкы Чыгыш багытында жасалган күчтүү дипломаттык кадам деп баа берди. Бирок, он адамдан турган эксперттер тобу Ирактагы кырдаалды баалоодо жеңил-желпи бүтүм чыгарып койгон, деди ал.

Эгерде президент Буштун администрациясы дипломаттык жол менен аракеттенүүнү чечсе, тез ийгиликти күтпөстөн чечкиндүү кадамдарга барышы жана ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө ашыкча убада бергенден этият болушу абзел, деп санайт Росс:

-Эгер сиз чоң демилге көтөрсөңүз, өткөн тажрыйба көрсөткөндөй, тез эле ээндикке кабылып, бизди кыйын абалга калтырасыздар. Азыр эле Кошмо Штаттар үчүн Жакынкы Чыгышта ишеним проблемасы бар. Ошондуктан, айткан сөзүбүз кайрадан аткарылбай калбасы үчүн жарыяны чоң жасабаганыбыз жөндүү. Биз кайрадан олуттуу дипломатиялык кадамга даярданып жаткандай түр көрсөтпөөбүз зарыл. Ал ишке ашпай калса, регион үчүн, өзгөчө, исламчылар үчүн: “Көрдүңөрбү? Дипломатия эч качан иштебейт, зордук-зомбулук гана иштейт», деп айтканга түрткү болот.

Деннис Росс АКШнын мурдакы президенттери Жорж Буш жана Билл Клинтон тушунда Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман болгон. Азыр Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты борборунун эксперти.

Конгресстин атайын комиссиясынын сунуштарынын бири-президент Бушту Ирактын келечегине таасири зор коңшулары Иран жана Сирия менен түз сүйлөшүүдөн качпоого чакырат. Бул ойго Росс макул. Бирок, АКШ өкмөтү Иран жана Сириядан алардын дараметинен ашыкча нерсени үмүт этпеш керек, сүйлөшүүлөрдө аларга Иракка коңшу башка өлкөлөр сыяктуу эле мамиле жасалышы шарт, -дейт экс-дипломат:

-Башка сөз менен айтканда, ирандыктар менен сириялыктарды өзгөчөлөп бөлбөстөн, көп коңшунун бириндей мамиле кылуу керек. Аларды ашыкча кадырлап жибербөө зарыл.

Деннис Росстун пикиринче, АКШ Ирактын ичиндеги кырдаалды жөндөмөйүнчө, өлкө сыртында жасап жаткан аракеттеринен майнап чыкпайт.

XS
SM
MD
LG