Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: ДЕПУТАТТАР ӨЗ КӨМӨЧҮНӨ КҮЛ ТАРТКАНГА МАШ ЭКЕН


Уланбек Алымкул уулу, Прага Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Өкмөт менен Жогорку Кеңештин конституциялык реформадан кийин жаңыланып жаткан ишмердиги жөнүндө «Азаттык» менен ой-пикир алышты.

-Жогорку Кеңеш бир жума бою алектенип жатып өзүнүн ички структурасын кайра түзду. Эми 17 комитет, 5 комиссия болот экен. 16 комитет менен 2 комиссиянын жетекчиси шайланды. Калган төрт орун ээлерин аныктоо жаңы жылдан кийинкиге калтырылды. Жогорку Кеңештин өзүнүн регламентине ылайык бир комитеттин мүчөлөрүнүн саны жетиден ашпаш керек. Бир депутат бир эле комитетке мүчө боло алат. Азыр Жогорку Кеңеште болгону 71-72 депутат бар. Келбей калгандар болот дегендей, эгер бөлсө бир комитетке төрттөн депутат туура келет экен. Салык, эл аралык байланыштар өңдүү престиждүү комитеттерге көбүрөөк депутат жазылып алынса, айрым комитеттерде төрага орун басарлары менен эле калчудай. Жаңы Конституцияга ылайык жаңы ыйгарым укук алган Жогорку Кеңеш ишти балким жаңы жылдан кийин баштаса керек. Бирок, жогорудагы жагдай Жогорку Кеңештин ишинин натыйжалуу болушуна өбөлгө бере алабы?

-Дароо эле натыйжалуу иштеп кетет деп айтыш кыйын. Себеби, жаңы Конституция кабыл алгандан кийинки жаңы структурага өтөбүз деген парламенттеги талаш-тартыштарга баарыбыз күбө болдук. Аткаруу бийлигин сындап жүргөн парламенттин өзүнүн ички былыктары көрүнүп калды. Башка мамлекеттерде деле ушундай окуя боло берет деген шылтоо менен спикерибиз дагы жүгүрүп чыгып, мушташканга аралашып кете жаздады. Ошол жерден парламенттин ичинде мыйзамдардын иштешин жөнгө коюп, жаңы Конституцияга ылайык жаңы мыйзамдарды кабыл алып, алгылыктуу ишти алып кетели дегенге караганда, ар кимиси бир комитетке, комиссияга жетекчи болуп калып, кызматты ээлеп калыш керек деген багыт көбүрөөк экени көзгө көрүнүп калды. Биз депутаттарды жактап эле жүрөбүз бирок, өз көмөчүнө күл тарткандык көп экен. Элдин кызыкчылыгын ойлогон аз. Бир нерсе болсо эле менин артымда шайлоочуларым турат. Шайлоочуларымдын кызыкчылыгын айтып жатам деп чыгып калышат. Бирок шайлоочулардын кызыкчылыгы биз үчүн үчүнчү, төртүнчү планга калып калып, жеке кызыкчылык биринчи планга чыгып кетти. Муну деле мыйзам ченемдүү нерсе деп коёлу. Ушундай көрүнүштөрдү көргөндөн кийин биздин парламент алгылыктуу ишти алып кетет деген ойдон алыс болуп калдым.

-Өкмөттүн жаңы структурасы бүгүн Жогорку Кеңеште сунушталат экен. Бирок кандай өзгөрүүлөр болору азырынча беймаалым. Бирок, сиздин баамыңызда кандай, олуттуу өзгөрүүлөр болобу?

-Бул жерден бир топ талаш-тартыштар боло турганы мыйзам ченемдүү. Өкмөттүн структурасы кандай нерсени сунуш кылды. Ушундай маселелерге келгенде мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы экинчи планга калып, лоббизмдин тескери жактарын парламент дагы, өкмөт дагы жакшы үйрөнүп алганын өткөндө сотторду шайлаганда көрдүк. Ушундай тескери көрүнүштөр көбүрөөк орун алып турат. Ошон үчүн стуруктураларды бекиткенде баланча структураны бекитип коё көргүлө, баланчаны калтырып коё көргүлө деген маселелер орун алчудай болуп турат. Биз мамлекеттин структурасын оптималдуу, биздин мамлекетке ушул структура ылайык деген жагына караганда, ушул жагына ооп кетебизби деген да кооптонуулар болуп жатат.

-Саясий жараяндар жаңы шайлоого чейин басаңдадыбы же эми жанданышы мүмкүнбү?

-Бул бийлик менен парламенттин мындан аркы алгылыктуу иштеп кетишине жараша болот. Бул жерде президенттен көп нерсе чечилет. Бул мамлекет деген бир система да. Үч бутак бир системага ылайык иштебесе, ыйкы-тыйкылар боло берет. Экинчиден, бийлик тараптан кардиналдуу өзгөрүүлөр болбосо, күн жылыганда кайра эле митингдер чыгат. Чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт. Андыктан азыр убакыт бар. Ушул мезгилде иштеш керек. Баланча, түкүнчөнү чакыртабыз, алабыз, ишкерлердин артынан түшөбүз дегендерди азайтып, алгылыктуу иш кылыш керек.

XS
SM
MD
LG