Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

БАКТЫБЕК КАЛПЕТОВ КАМАКТАН БОШОТУЛДУ


Бүгүн Жогорку соттун чечими менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Бактыбек Калпетов Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан бошотулду. Калпетовдун адвокаты Жогорку сот акыйкат чечим чыгарганын, алдыда боло турган сот дагы адилет чечим чыгарат деген үмүттө болуп турганын билдирди.

Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов сот жараянында МТРКнын директор орун басары Бейшенбек Бекешовго кол салды делип айыпталып жаткан Бактыбек Калпетовду камактан токтоосуз бошотуу тууралуу чечимин чыгарды.

- Жогорку сот Калпетовду бошотуу тууралуу акыркы чечимди кабыл алды. Менимче бул сот системасындагы өзгөрүү, адамдардын укугун коргоого карата туура көз карашта деп эсептейм,-дейт Калпетовдун адвокаты Касымбек Райымкул уулу.

Адвокат ошондой эле Калпетовго байланыштуу алдыдагы соттук териштирүү дагы адилет чечим чыгарат деген үмүттө экенин билдирди.

23-ноябрдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын абагында камалып чыккан Бактыбек Калпетов менен сүйлөшкөнүмдө ал денсоолугу чың экенин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери күч колдонбогонун, кыйнабаганын айтты:

- Мага эч кандай кысым болгон жок. Мен камалгандан кийин адвокаттарыман башка эч ким кирген жок. Жаттым бир кишилик камерада.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Бактыбек Калпетов 5-ноябрда МТРКнын алдында уюштурулган митингде аталган компаниянын директор орун басары Бейшенбек Бекешовду сабаган делип айып тагылып, 23-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө суракка алынган. Ал жерден Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери алып барып, өздөрүнүн абагына камашкан. Калпетовдун адвокаты баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылганда сот 30-ноябрда Калпетовду камактан бошотуу жөнүндө чечимин чыгарган. Бирок бул чечимди ошол эле күнү Бишкек шаардык прокурордун арызы боюнча Бишкек шаардык соту бузуп, жокко чыгарган. 14-декабрда Жогорку сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

“Ата Мекен” партиясы Калпетовдун УККын абагына камалышын бийлик тарабынан аларга көрсөтүлгөн кысым катары баалаган болчу.

XS
SM
MD
LG