Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

ПАРЛАМЕНТТЕ АМЕРИКАЛЫК АСКЕР БАЗАНЫ КЕТИРҮҮ СУНУШТАРЫ АЙТЫЛУУДА


Кыргыз парламенти бүгүн "Манас" аэропортундагы кырсыкты талкуулады. Анда коалициялык аскер базасынын Кыргызстанга тийгизген пайда-зыяндары тууралуу маселе кабыргасынан коюлду. Негизгиси - аскер базасынын Кыргызстанда жайгашуусун караган келишимди парламентте ратификациядан өткөрүү маселеси да бар. Айрым депутаттар америкалык базаны Кыргызстандан чыгарууну сунуштап жатышат.

Токтом парламенттин коопсуздук, коргонуу жана маалымат коопсуздугу комитети тарабынан даярдалган. Анда негизги сөз АКШ аскери 6-декабрда кыргызстандык Александр Ивановду атып салганы жана бул иликтөөгө тоскоолдук көп болуп жатканы айтылды.

Депутат А.Бекназаров келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей түзүлгөнүн жана аны жыл сайын парламент карап, макулдугун берип туруш керек эле деген пикирин айтты.

Депутат М.Эшимканов базада керосин мафиясынын күч экенин, мурда Адил Тойгонбаев аркылуу Акаевдердин чөнтөгүнө түшүп келген миллиондогон доллар акчалар былтыркы 24-марттан бери кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз экенин айтып, муну да парламент иликтөөгө алышы керектигин билдирди.

Депутат А.Марипов болсо Манас аскер базасы эмес эле, баардык чет мамлекеттик тараптарга тиешелүү келишимдерди жыл сайын карап туруу керек дешти.

Депутат И.Масалиев Оогонстанда абал өзгөргөнүн, ошого жараша 2001-жылы Кыргызстан менен АКШ ортосунда түзүлгөн келишимди жоккко чыгарууну сунуштады.

Депутат М.Салымбеков 120 тонна керосинди Манас аскер базасында жайгашкан америкалык учактар асмандан буга чейин төгүп жибергенин, ага Кыргызстан компенсация албаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG