Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин Бишкек калаасына дагы үч жаңы конуш кошулду. Алардын көйгөйлөрү - суу, жол, жарык, дагы башка социалдык проблемалар. Маселен, «Акордо» конушунун жашоочулары дагыле үмүттөнүп отурушканын айтышат:
- Турабыз эми, үмүттөнүп эле турабыз. Болсо керек.
- Жашаганыбызга эки жыл болуп калды. Эч нерсенин дайыны жок.
- Бизде эч кандай шарт жок. Аябай оор абалда жашап жатабыз.
- Бир жылдан бери кыйналып эле жашап жатабыз.
Ушундай эле көйгөй горбачевдук «кайра куруу» заманындагы жаңы конуштардын текши баарын түйшөлтчү маселелерден эле. «Акөргө» конушунун жашоочусу Сулайман Рысбаев онбеш жылдан ашуун мезгил ичинде, шүгүрчүлүк, жол курулуп, электр жарыгы толук жеткирилип, унаа катнашы калыбына түшүп, иши кылып социалдык маселелердин кыйласы кадыресе чечилип калганын айтат. Бирок да, анткен менен бул жерде деле биртоп көйгөйлөр бар. Аны Сулайман Рысбаевдин өзүнөн уксак.
- Биринчиден, көмүр кымбат. Мүшөктөп алып бираз жагымыш этебиз. Анан көбүнчө электрди пайдаланабыз да. Көбү эле үйлөрүн электр менен жылытат. Анын баарын уурдап жагышат. Эми мындай факты издеген үйдүн ар биринен табылат да. Анан үйдө электрик келип калбаса экен коркуп жашоо да. Мына ушундай проблемалар көп.
Күн жылууда анча сезилбеген социалдык проблемалардын эң орчуну кыш чилдесинде кычырап чыга келет. Жаңы конуштардын ээлеринин дээрлик баары үйлөрүн электр жылыткычтары менен жылытышат. Андай чыңалууну энергия бөлүштүрүү подстанциялары көтөрө албай, жарактан чыгууда. Бишкек шаар башчылыгынын капиалдык курулуш башкармалыгынын жетекчи орунбасары Темир Бекбоевдин ырасташынча, жаңы конуштарда ызгаар чилдеде электр жарыгынын тез-тез өчүрүлүп калышынын негизги себеби ушул.
- «Акбосого», «Теңдик», «Калыс Ордо», «Ак Бата» деген ылдыйкы жакта жаңы конуштар бар. Анан «Энесай» да бар. Аларга электр жарыгы Ленинское деген айылдагы подстанциядан келет. Жарык бул жерлерде араң-араң күйүп атат.
Т.Бекбоев шаар бийлиги быйыл жаңы үч конуштун жашоочуларына суу, электр жарыгын жеткирип берүү милдетин өзүнө алганын билдирди.
- Мисалы, «Ак Ордодо» миңге жакын эл, «Пригородныйда» кыркка жакын үй-бүлө, «Военно-Антоновкада» болсо 80 үй-бүлө. Буларга биринчи милдет катары чыгара турган жеринен бирден колонка суу, бирден подстанция куруп берүүнү кышка чейин пландаганбыз. Ошонун ичинен «Керамическое» деген конушка подстанцияны кошуп бердик. Ошерде электр жарыгы бар бүгүнкү күндө.
Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштардын проблемасын чечүүгө эмдиги жылга шаар бийлиги мамлекеттик бюджеттен 500 миллион сом суроодо. Анын канчасы бөлүнөт? Бул да өзүнчө бир чоң суроо. Адистердин айтуусунда, жыл сайын жаңы конуштардын социалдык шарттарын жакшыртууга 1 миллиард ашуун сом чегерилип турса кыйла маселелер чечилип калар эле.