Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

15-ДЕКАБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр 1789-жылкы Цин империясынын кысымынан улам, жардам сурап казак султандарына кайрылган. Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 15-декабрында мамлекеттик эгемендик декларациясын кабыл алган.

1786-жылы кыргыздын таасирдүү бийлери менен казак султандары ортосунда тынчтык келишимге кол коюлуп, эки элди бөлгөн чегара маселеси такталган. Анын натыйжасында, эки калк ортосунда жаңжалдар басаңдап, бир топ жылга көчмөн талаада бейпилдик орногон. Ошол эле учурда кыргыздарга каршы Цин империясынын кысымы күчөп, кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр 1789-жылы жардам сурап, казак султандарына кайрылган. Аймактагы саясий кырдаалдан кабардар полковник Бентам, ушул жылдын15-декабрында князь Г. А. Потемкин-Таврическийге Цин кысымы туурасында маалымат жолдогон. Казактар кыргыздарга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, макулдугун беришкен.

Россия империясы Кыргызстан аймагын өздөштүрүп, колониалдык саясат жүргүзүш үчүн адегенде кыргыздардын тарыхын изилдеп, алар жөнүндө маалымат топтоого киришкен. А. Л. Бубеновдун 1826-жылкы экспедициясын Кыргызстанга жөнөтөөр алдында Кашкардагы кырдаал өзгөрүп, Жахангир кожо мындагы бийликти кайра алыш үчүн жан үрөп аракет көрүп баштаган. Кашкардагы кырдаалдын өзгөрүшүнө кабатырланган орус бийлиги аймактагы абалды иликтеш үчүн атайын экспедиция камдоо камын көргөн. Империянын тыш иштер министрлигинин жооптуу кызматкери К. Нессельрод 1826-жылдын 15-декабрында Кашкарга, болбосо аны менен чектеш аймакка ишенимдүү адамды жиберүү керектигин белгилеген.

Орус бийлигине каршы көтөрүлгөн казак ханы Кененсары туруктуу орун алган жеринен көчүп, 1846-жылы казак колу кыргыздарга каптап кирген. Кененсары хандын сары изине чөп сала кууган Есаул Нюхалов, 1846-жылдын 15-декабрында Кененсарынын абалы туурасында рапорт берген. Анын айтымында Кененсарыга улуу жүз казактардын чымыр, жаңыз, сары үйсүн сыяктуу уруулары кошулуп, ал 20 миң түтүндүү олуттуу кол топтоого жетишкен.

Кененсарынын саясий таасири Ташкенден, Чуга чейин тарап, ал Акөлөң жергесине ордосун орноткон. Казак колу кыргыздарга кысым көрсөтүп, Ысыккөлгө чейинки аймакты ээлеп алган. Мындагы кыргыздар Каратоого жер которуп өз уруулаштарына кошулушкан.
Токмок уезддик начальник жардамчысы 1888-жылдын 15-декабрында Шабдан Жантаевдин бересеси туурасында Жетисуу Аскер губернаторуна рапорт жолдогон. Буга чейин Аскер губернатордугуна Шабдан баатырдын генерал Пржевальскинин экспедициясын жабдыш үчүн элден чогулткан төөлөрдү түгөл берген, бербегендиги туурасында арыз түшкөн. Арызды териштирүү иши Токмок уезддик начальнигине жүктөлгөн. Бирок убакыт тартыштыгынан улам, уезддик бийлик маселенин чоо-жайын толук териштирүүгө жетишкен эмес.

Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 15-декабрында мамлекеттик эгемендик декларациясын кабыл алды. Декларацияда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу республиканын бүткүл аймагында мамлекеттик бийлик орногондугу жар салынган.

Бул күнү, 1749-жылы Ростов-на-Дону шаары негизделип, 1791-жылы АКШда Конституцияга биринчи 10 түзөтүү киргизилип, 1939-жылы Атланта шаарында Виктор Флемингдин «Бороонго буюккандар» фильминин премьерасы өткөрүлүп, 1943-жылы Киев шаары фашисттерден бошотулуп, 1934-жылы окумуштуу, айтылуу адабият таануучу Качкынбай Артыкбаев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG