Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

ПАЛЕСТИНАДАГЫ АБАЛ КҮТҮҮСҮЗДӨН КУРЧУДУ


Нарын АЙЫП, Прага Палестина автономиясынын премьер-министри Исмаил Хания 14-декабрда мекенине кайтып келатканда, чек арада ал жети саатка кармалды. Анын тарапкерлери чекарага келип, премьерди коргоого аракеттенгенде, куралдуу кагылышуу чыккан. Ошондон улам кийинки абал курчуп баратат.

Үстүбүздөгү жылдын январында Палестинада өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыккан, бирок айрым Батыш мамлекеттери аны экстремисттик уюм деп эсептегендиктен, Палестинага көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жардам кескин кыскартылган. Автономияда жетиштүү өндүрүш жок болгондуктан, жаңы өкмөт өз кызматкерлерине айлык да төлөй албай калган жана акыркы мезгилде анын кызматтан чегинишин талап кылуулар күчөгөн.

28-ноябрда автономиянын премьер-министри Исмаил Хания бир нече мусулман мамлекетине сапарга чыккан жана, айрым маалыматтарга караганда, жүздөгөн миллион доллар жардам чогулткан. "Итар-ТАСС" маалымат агенттиги кабарлаганга караганда, Иран менен Катар эле ага 350 миллион доллар берген. Бирок, 14-декабрда ал Мисир аркылуу Палестинага кайтып келатканда, чек арачылар аны жети саат бою чек арада кармады.

Автономиянын чек араларын жөөт аскерлери кайтарат жана премьерди чек ара аркылуу өткөрбөөгө Израилдин коргоо министри Амир Перец өзү буйрук берген, анткени Хания жанында 35 миллион долларга жакын накталай акча алып бараткан. Акыр-аягында премьер чекара аркылуу өттү, бирок акчаны Мисирде калтырууга аргасыз болду.

- Сапар өз максатына жетти жана Палестина элинин айланасында түзүлгөн курчоодон чыгууга биз орчундуу кадам жасадык. Бирок, биз кайтып келатканда оккупациялык режим чек ара түйүнүндө бизди бир нече саатка кармады, - дейт премьер Хания.

Калтырылган акча эми банк аркылуу автономия өкмөтүнүн эсебине которулат. Израил жетекчилигинин айтымында, накталай акча кандай максатта колдонулаары белгисиз болгондуктан, алар аны чек ара аркылуу өткөрө албайт болчу.

Хания кармалганда, анын ХАМАС уюмунун куралчан мүчөлөрү чек арага келип, каршылык билдирип, Рафах чек ара түйүнүн ээлеп алган, анын ишин Европа Биримдигинин өкүлдөрү көзөмөлдөйт жана чатак учурунда алар чекарадан кетип калган. Маселе чечилип, акча Мисирде калтырылганда гана алар кайрадан чек ара түйүнүнө кайтып келди жана премьер мекенине өттү.

Бирок андан кийин ХАМАСтын жоокерлери менен Палестина төрагасы Махмуд Аббастын ФАТХ уюмунун куралчандары ортосунда куралдуу кагылышуу чыкты. ХАМАСтын айтымында, чекарада түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, ФАТХтын адамдары премьер Ханияны өлтүрүүгө аракеттенген. Ок атышуу учурунда Ханиянын бир жан сакчысы курман болду, дагы жыйырмага жакын адам жараат алды. Алардын арасында Ханиянын 27 жаштагы уулу Салям Хания жана жардамчысы Ахмед Юсеф бар.

ХАМАС уюму азыр Газа тилкесинин ар башка аймактарына өз жоокерлерин чыгарып, көзөмөл орнотууга аракеттенүүдө. Айрым байкоочулардын пикиринде, төрага менен премьердин тарапкерлери ортосундагы тирешүү чоң баш-аламандыкка өтүп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG