Бул боюнча сүйлөшүүлөр Орусиянын атомдук энергетика агенттигинин башчысы Сергей Кириенконун кыргыз преизиденти Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда айтылып, анда ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жолдору талкууланды. Буга ылайык, Орусиянын ““Орусиялык ЕЭС” компаниясы Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин курууга каражат бөлмөй болду, ал эми “Газпром” ишканасы Кыргызстандагы мунай чыгуучу жерлерди чалгындоо иштерине 10 млн доллар бөлгөндүгү кабарланды. Мындан тышкары Миңкуш шаарчасынын жанындагы уран калдыктары үйүлгөн жерлерди зыянсыздандыруу жана Каракечеге ГРЭС куруу жөнүндө да кеп болду. (ZK)