Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

11:30 Кыргыз өкмөтү ХИПИК программасына кирүү боюнча Кыргызстан тараптын койгон шарттарын жарыя кылды


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди. ХИПИКтин алкагында тышкы карызды кыскартуу программасына кирүү үчүн коюлган шарттардын катарына Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыда тактыкты, ачыктыкты камсыздоо, социалдык сектор, энергетика жана кен казуу тармактарында жүргүзүлүүчү реформалар киргизилген.
Буга ылайык, социалдык сектордо ай сайын алынуучу бирдиктүү пособие алуучулардын саны жок дегенде 15 пайызга кыскарат, алгачкы медициналык жардам берүүчү пункттар тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат, электр энергиясы 2006-жылдагы орточо тарифке караганда кеминде 26,5 пайызга кымбаттатылат, энергетика тармагындагы коммерциялык жана техникалык жоготуулар кыскартылмакчы.

Мындан тышкары "Центерра голд инк" корпорациясындагы Кыргызстандын үлүшүн өлкө үчүн пайдалуу башкаруу, “Кыргызалтын” ААК ачыктыгын камсыздоо жагы да каралган.
Маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча коюлган шарттар талкууланып чыкты жана ал Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фондунун миссиялары менен түшүнүшүлдү. Ошондой эле бул шарттар Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын кабыл алышына жана кабыл албашына карабастан аткарылат. Эгерде бул шарттар аталган каржы уюмдары тарабынан жактырылбаса же өзгөртүлө турган болсо, кыргыз өкмөтү бул программага катышуудан баш тарта алат. (ZK)

XS
SM
MD
LG