Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

ЖАНЫШ БАКИЕВ: “ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЕНДЕН КЕЧИРИМ СУРАСЫН”


Бүгүн Бишкек шаардык райондор аралык сот президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы иниси Жаныш Бакиевдин парламентке каршы берген арызын карамак. Бирок сот болбой калды. Себеби, Жогорку Кеңештин сотко барган өкүлү иш менен таанышып чыгууга бир жума убакыт сурады. Жаныш Бакиев өз арызында депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салууга тиешеси бар-жогун сот аныктаганга чейин эле, аны Жогорку Кеңеш өз токтому менен шектүү адам катары атап салганын мыйзамсыз деп эсептейт. Азырынча парламент Жаныш Бакиевден кечирим сурайбы же чын эле Жаныш Бакиев «матрешка» чатагына тиешелүү болуп чыгабы белгисиз.

УККнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Жаныш Бакиев депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн баңгизат табылгандан кийинки жаңжалга байланыштуу кызматынан кеткен эле. Андан көп өтпөй депутаттардын бул иш тууралуу кабыл алган токтомунда шектүү адам катары анын ысымынын аталышына нааразы болгон Жаныш Бакиев, Жогорку Кеңешке каршы сотко арыз менен кайрылган. Жаныш Бакиевдин айтымында, тергөө иштери бүтмөйүнчө бир дагы адамдын аны күнөөлөгөнгө укугу жок:

- Тергөө жүргөндө анан тергөө бүтүп сотко өткөндө гана бирөөнү айыптаса болот. Ансыз эчким, Жогорку Кеңеш дагы, башкалары дагы ушул киши күнөөлүү деп айтканга акысы жок. Бул жерде, мен мурда айтып кеткендей эч кандай биздин кызмат жактан, мен жактан мындай иш болгон эмес. Ошондуктан биз ишенимдүү айтып атабыз, сот менен карап биз өзүбүздү актайбыз. Биз айтып атабыз, Жогорку Кеңеш бизден кечирим сурашы керек,- дейт Жаныш Бакиев.

Адвокат Марат Султаналиев депутаттар Жаныш Бакиевге карата мындай токтомду кабыл алуу менен эларалык укуктарды, мамлекеттин конституциясын бузушту деген ойдо. Ошондой эле ал сот аркылуу бул токтомдун алынып ташталышын талап кылып жатышканын билдирди:

- 22-сентябрда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алынган. Ошол токтомдун негизинде генерал Бакиев айыпталган. Бирок, биздин оюбуз боюнча эларалык укуктар бузулган, биздин конституциябыз бузулган. 8-пункт, 15-статья боюнча соттун өкүмү күчүнө кирмейинче эч ким айыпталбашы керек. Азыр биз 8-пункт боюнча Жогорку Кеңештин токтому алынсын деген талапты коюп атабыз. Экинчиси ушул токтомдон генерал Бакиев жөнүндө айтылган сөздөр алынсын деп атабыз.

Ал эми “Матрешка гейт” аттуу бул жаңжалдын чок ортосунда калган депутат Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомун конституцияга каршы келбесе бир дагы сот жокко чыгара албайт деген пикирде. Депутаттын ырасташынча эгерде сот Жогорку Кеңештин бул токтомун жокко чыгарса, аркасы чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

- Жогорку Кеңештин токтомун эч кандай сот, анын ичинде райондор аралык экономикалык сот жокко чыгарышы мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин кабыл алынган мыйзамдары эгер алар конституцияга каршы келсе, конституциялык сот гана жокко чыгарышы мүмкүн. Ал эми парламенттин кеңеш берүү тартибинде тигил же бул чиновникке берген сунуштарын сот жокко чыгара албайт. Жаныш Бакиевге окшогон чечимдерди Жогорку Кеңеш көп кабыл алды. Албетте алардын көбү аткарылбай келатат, бул башка маселе. Бирок, эгерде бүгүнкү сот бүгүнкү бийликке кызмат көрсөтүш үчүн Жогорку Кеңештин бул токтомун жокко чыгарса, анда бул чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн,-дейт Текебаев.

Эми Жаныш Бакиевдин арызы боюнча сот иши 20-декабрда каралат. Эскерте кетүүчү нерсе Депутат Өмүрбек Текебаев 8-сентябрда Варшава шаарында чекара көзөмөлүнөн өтүп жаткан маалда коопсуздук кызматкерлери тарабынан баңгизат менен кармалып, кайра бошотулган. Анын жүгүнөн ичине баңгизат салынган орустардын улуттук оюнчугу болгон матрешка чыгып, кийин бул жаңжал “Матрешка гейт” деген ат менен көпчүлүктүн эсинде калды.

XS
SM
MD
LG