Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

"ЖООКЕРЛЕР ОБОН СОЗГОНДО", КЫЛЫМДЫН ЖЫЛДЫЗДАРЫ БОЛДУ


(Узап бараткан аптанын маданий окуялары)

Бул жумада аскер ырларынын “Жоокерлер обон созгондо -2006” республикалык фестивалы өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурган бул фестиваль аскер кызматчыларынын моралдык духун жана аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрүү, жаштарды патриоттулуукка чакыруу максатын аркалайт.

Фестивалдын талабына ылайык катышуучулар көркөм чыгармалардан окуп, дастан айтып, улуттук жана дүйнө элдеринин бийлеринен бийлешип, аскердик патриоттук ырлардан аткарышты. “Манас” жаштар ордосунун башкы адиси Бакыт Рамановдун айтымында үчүнчү ирет өткөрүлгөн бул иш-чаранын жобосуна быйыл өзгөртүүлөр киргизилген, ошондой эле кеткен чыгымдарды, байге фондун министрлик өзү көтөргөн. Фестивалдын жыйынтык концерти Улуттук филармонияда өткөрүлүп, катышуучуларга сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

13-14-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланган “21-кылымдын жылдыздары” атттуу чоң программадагы концерт өттү. Концертке 70ке жакын чыгармачыл адамдар катышып, дует, трио, квартет формасында ырдашты. Кечеде ырчыларды Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков, МТРКнын башкы директору Кыяс Молдокасымов жана башка бир катар ишканалардын, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү куттукташты.

Концерттин жүрүшүндө “Жылдын мыкты ыры”, “21-кылымдын жылдызы” деген номинациялар ыйгарылды. Ал эми бул номинацияга ээ болгондордун арасында Дамира Ниязбекова, “Досум Үсөн” тобунун ырчысы Жанетанын ысымдары аталды. “Жылдын ыры” номинациясына Мирбек Атабековдун “Сени гана” аттуу композициясы татыктуу болду. Ырчылардын жыл ичиндеги жетишкендигин элге тааныштыруу максатын аркалаган бул концерт тогузунчу ирет өткөрүлдү. Бул майрамдык иш-чара улуттук телеканал аркылуу 31-декабрь күнү жалпы журтка көрсөтүлөт.

Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Жылдын жылдызы-2006” аттуу концерт өтөт. Концертте келген көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү жана SMS добуш аркылуу жылдын «Мыкты ырчысы”, “Мыкты ыры”, “Мкты телеалып баруучусу”, “Мыкты эстрадалык тобу” номинациялары боюнча тандоо жүрөт
XS
SM
MD
LG