Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

АЛЛО, КУРМАНБЕК САЛИЕВИЧ!?


Бүгүн кечки саат 20:00дө Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев Мамлекеттик телерадио компаниясынын түз эфири аркылуу өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берет. Буга чейин президенттин маалымат кызматы ар бир жаран өзүн кызыктырган суроолорду президенттин өздүк интернет баракчасы, факс жана ошондой эле телефон аркылуу түз эфир учурунда бере алышаарын жарыя кылган эле. Ошол себептүү Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун эмнелер түйшөлтөт, алар президентке кандай суроо жолдошмок эле -билүү максатында кабарчыбыз сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, Президент Курманбек Бакиевге суроо узаткысы келген адамдардын дээрлик басымдуу бөлүгү учурдагы социалдык көйгөйлөрдөн кеп козгошту. Бизге учураган адамдардын көбү жумушсуздуктун айынан кыргызстандыктардын көбү чет жерлерге тентип кетип жатканын, акыркы убактарда айыл-чарба азыктарынын кымбаттап кеткенин, кадрдык саясат аксап жатканын жана паспорт маселеси дагы деле болсо оор экендигин айтып, мамлекет башчысына суроо узатып жатышты.

Шаардык дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Айнагүл Калдыбаеванын суроосу, жумушсуздуктун айынан мыкты адистердин бардыгынын чет өлкөлөргө кетип жаткандыгы тууралуу болду:

- Азыр биздин канчалаган улан-кыздар, канчалаган жакшы-жакшы адистерибиз кызматтарын таштап коюп чет өлкөлөргө кетип атат. Мамлекеттик деңгээлде кайсы бир иштерди ачып, ошолорду өзүбүздө кармап калсак болбойбу. Биз деле мына Казакстандай болуп жашоо деңгээлибиз качан өзгөрөт?

Ал эми Жусуп Баласагын атындагы жогорку окуу жайынын окутуучусу Сатыбекова Турсунду, HIPC маселеси түйшөлттү:

- Кыргызстан HIPC кирбей койсо эмне болот?

Жетинчи класстын окуучусу Эсен уулу Тенгиз эмне үчүн Кыргызстандын Казакстан сыяктуу өнүкпөй жатканына арданды:

- Эмнеге биздин Кыргызстандын шаарлары тиги башка шаарлардай болуп өнүгө албайт. Мисалы, Казакстан менен бизди салыштырса, биздики тигил Казакстандай эмес да?

Бишкек шаарынын жашоочусу Азамат Кудайбергенов президенттен, бийлик тараптан экономика көтөрүлүп атат делгени менен азык-түлүктөр эмне үчүн кымбаттап кеткенин сурады:

- Акаев учурунда азык-түлүк арзан эле болчу. Азыр болсо экономика котөрүлүп атат делгени менен азык-түлүктүн бардыгы кымбаттап атат. Азыр картошкаң да кымбат, шекериң да кымбат. Айлык-акылар ошол эле бойдон турат. Анан баалар эмнеге көтөрүлүп атат?

Кадр маселесинин аксап тургандыгы тууралуу суроону президентке ишкер Алмаз Акунов узатып, Акаевдин учурундагы эски кадрлардын бир тобу пенсияга чыккандарына карабай дагы деле болсо жылуу ордуларында отурганын айтып өттү:

- Кадр маселеси тууралуу. Мисалы сиз Акаевдин учурундагы Акаевдик кадрларды тазалайм дедиңиз эле. Эч кимисин тазалабай эле ошолордун бүт баары иштеп жүрүшөт. Жаштарга жумуш жок. ИИМден, Билим берүү министрлигинен деле алалык, бүт бардыгы пенсияга чыгып алып алтымыштан ашкан кишилер иштеп жүрүшөт. Жаштар болсо жумуш жоктугуна байланыштуу чет мамлекеттерге кетип атышат. Ушул суроону кандай чечип бересиз?

Кочкор районунан келген Бермет Исланова паспорт маселеси элди жүдөтүп жатканын, анын айынан чет өлкөлөргө ишке кете турган адамдар кыйналып жүрүшкөнүн айтты:

- Кочкордон келдим мен өзүмчү. Ушул жерде паспорт ала албай жүрөм. Кичине тезирээк беришсе элди кыйнабай. Ушул менин сөзүм. Паспорт. Балдардын бардыгы кетиш керек. Иштеш керек. Россияга барат, тетиги Түркияга барат, Германияга барышат.

XS
SM
MD
LG