Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

ЛИТВИНЕНКОНУН ИШИНДЕ ТАБЫШМАКТАР КӨП


Нарын АЙЫП, Прага 1-ноябрда Лондон шаарында ууландырылган Александр Литвиненко 23-ноябрда ооруканада каза болду. Окуяны Улуу Британия менен Алманиянын полициясы жана Интерпол дагы тергеп жатат. Бирок Маскөө аларга тоскоолдук түзө баштады.

Жакында Орусиянын прокуратурасы өз алдынча кылмыш ишин ачып, шек саналган адамдарды күбө кылып, британиялык тергөөчүлөргө тоскоолдук түзө баштады. Ал тууралуу 18-декабрда британиялык "Таймс" гезити жазып чыкты.

"Орустар тергөөчүлөргө бардык мүмкүн болгон тоскоолдуктарды түзүүдө жана Маскөөгө келген британиялык тергөөчүлөрдүн алар каалаган бардык адамдар менен эркин, көзөмөлсүз жолугууга мүмкүнчүлүгү жок", - деди "Таймс" гезитинин кабарчысы Майкл Биньон 18-декабрда "Азаттыктын" орус бөлүмүнө.

Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун. Экөө тең мурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы үчүн иштеген, азыр экөө тең ишкер. Луговой Литвиненко менен мурда эле тааныш болгон жана октябрдын ортосунда Лондонго Ковтунду алып келип, аны Литвиненко менен тааныштырган.

Үчөө 1-ноябрда Лондон шаарында дагы бир жолу жолуккан, британиялык тергөөчүлөрдүн айтымында, Литвиненко дал ошол жолугушуу учурунда ууланган. Алар тапкан далилдерге караганда, эртең менен Литвиненко үйүнөн чыкканда, таза болчу, анын үйү жана денесинде радиация болгон эмес. Кечинде болсо ооруп жыгылган.

Ал эми Ковтун Лондонго экинчи жолу келээр алдында Алманиянын Гамбург шаарына барып, өзүнүн мурдагы немис аялы менен жолуккан жана ал радиацияланып, азыр ооруканада, бирок абалы оор эмес.

Орусия эми Луговой менен Ковтунду дагы кимдир бирөө Литвиненко менен кошо ууландырган деп айтууда жана алар күбө болгондуктан, аларды чет өлкөгө суракка жибербей коюуга да укуктуу, Маскөөгө келген тергөөчүлөрдүн ишин дагы чектеп жатат.

Вашингтон шаарында жашаган дагы бир мурдагы орус тыңчысы Юрий Швецтин айтымында, орусиялык беш белгилүү адам Лондондогу кайсы бир ишкерлерге кызматташуу сунуштаган, бирок Литвиненко ал ишкерлерге маскөөлүк адамдар тууралуу өтө терс маалымат саткан жана алар андан өч алган сыяктуу.

Дагы бир кызык нерсе, ошол эле 1-ноябрда Лондон шаарында Литвиненко менен Марио Скарамелла деген италиялык адам жолуккан жана Литвиненкого ал - Маскөөдө түзүлгөн бир тизмени берген. Ал тизмеде - өлтүрүлө турган адамдардын ысымдары жазылган, алардын арасында Литвиненко да бар болчу.

Скарамелла тизмени Евгений Лимарев деген жигиттен алган. Лимарев болсо 1965-жылы Кыргызстанда туулган, Орусиянын коопсуздук кызматтары боюнча адис, өзү азыр Францияда жашайт жана франциялык полиция аны азыр мүмкүн боло турган кол салуудан коргоого алган.

XS
SM
MD
LG