Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:53

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ

Жаныл Жусубжан, Прага Бейжинде Түндүк Кореяны ядролук программасынан баш тарттырууну максат кылган сүйлөшүүлөр башталды. Алты тараптуу сүйлөшүү мындан бир жылча мурда токтоп калган эле. Бул - Пхенян алгачкы ядролук бомбасын сынап, жардыргандан кийин арачылардын биринчи жолу чогулуп жатышы.

Жабык эшик артындагы сүйлөшүүнүн алгачкы күнү курч маанайда башталды. Түндүк Корея чү дегенде эле ядролук программасынан баш тартуунун бүтүндөй тизмесин жарыялады. Диоломаттардын билдириинче, буга байланыштуу АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Кристофер Хилл "Вашингтондун чыдамы түгөндү" деп эскертти. Бирок АКШнын Бейжин сүйлөшүүсүнөн жөн эле чыгып кетүүгө ылаажысы жок.

Кошмо Штаттары, Кытай, Жапония, Орусия жана эки Корея катышкан сүйлөшүүнүн максаты - Пхенян былтыр кол коюлган ядролук куралдан баш тартуу жөнүндөгү биргелешкен келишимдин аткарылышына жетиштүү. Бирок сүйлөшүүнүн жыйытыгына айрыкча үмүт деле артышкан жок. Түштүк Корея азыр болгону келечек кадамдар талкууланып жатат деди. Ал эми Жапониянын коргонуу министри Фумио Кюма Түндүк Кореяны согуш мезгилиндеги Жапонияга салыштырды:

- Башка өлкөлөрдүн көз карашынан алганда Түндүк Корея азыр Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы Жапонияга окшош – андан коркушат жана ал эртең кандай кадамга бараарын биз билбейбиз.

Коңшусунун мындай салыштыруусу Пхенянда жакшы кабыл алынаары күмөн туудурат.Эгер сүйлөшүүдөн майнап болбосо, аны өткөрүүнүн канчалык кереги бар эле деген суроо туулат. Британиядагы Лиидз университетинин Корея боюнча улук эксперти Айдан Фостер Картердин айтымында, бардык тараптар азыркы тапта сүйлөшүүнү жоктон көрө жогору деп эсептешет. Анын сөзү боюнча, сүйлөшүүлөргө чоң импулс бере турган жагдай - Кошмо Штаттары азыр алакалашууга дитин коюп жаткандыгы байкалат. Вашингтон буга чейин Пхенян менен түз сүйлөшүүдөн караманча баш тартып келген:

-Менимче Буштун администрациясы Жакынкы Чыгыштан чаалыгып, алсызданып калгандыктан Буш азыр кандай мурас калтырам деп ойлонуп жатат. Канткен менен Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Йоң-ил Ал Каида эмес, айтканынан кайтпаган көктүк кылбайт болуш керек. Ошондуктан, Жакынкы Чыгышка караганда Түндүк Кореяны сөзгө келтирүү жеңилирээк болушу мүмкүн.

Ошол эле убакта бүгүн болжолу Кытайдын гана Түндүк Кореяга сөзү өтүшү мүмкүн. Бирок Кытай катуу чараларды колдобойт, анткени кокус чатак чыкса, миллиондогон корейлер Кытайды каптап кетет деп чочулайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG