Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ХИПИКТЕН КОРКУП ЖАТАТ


Бүгүн Жогорку Кеңеш ХИПИК программасына кирүү жөнүндө маселени кароодон баш тартып, аны бейшемби күнгө жылдырды. Депутаттар Өкмөттүн позициясын сынга алышып, каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун баяндамасын укпай коюшту. ХИПИК маселеси боюнча президент менен премьер-министр өзү келип жооп беришин талап кылышты. МТРК жыйынды түз алып көрсөтпөй жатканына нааразы болушту. 21-декабрда боло турган жыйынга Кыргызстандын 2 миллиард доллар карызы каяка жумшалганын ийне-жибине чейин изилдеген маалымат алып келүү жөнүндө өкмөткө тапшырма беришти.

(Жогорку Кенештин 19-декабрда болгон жыйынынан кыскартылган стенограмма)

Дооронбек Садырбаев: - Урматтуу Кубанычбек Сатындиевич. Мен биринчиден, Текебаев колдоп кеткен, биздин ХИПИК программага кирмекчи болгон келишимдин жок дегенде черновик болсо дагы документин көзүм менен көрүп, окуп туруп сүйлөсөм дедим эле. Экинчиден, Гитлер менен Сталинди еврей деген сөз кучунашын келтирсе, Хрущевду абстракционист деген сөз кучунашын келтирсе, биздин президентибизди митинг деген сөз кучунашын келтирип, өзүнөн чыгарып ийет экен. Андай болсо биз бечара депутаттарды кыргыз телевидениеси Жогорку Кеңештин чечими менен пикирибизди айтып атсак көргөзбөсө, өз пикирибизди эл чогултуп, митинг кылып айтпаганда кимге айтабыз. Бул жумушту азыр баштасак да, төртүнчү күнү баштасак да макулмун. Бирок, мен билип алгым келип атат, биздин айткан сөздөрүбүздү биздин шайлоочуларыбызга мамлекеттик телерадио аркылуу жеткиреби, же жеткирбейби. Толук гарантия алгым келип атат. Мен, мисалы КТР деген нерсеге, премьер-министрге ишенбеймин. Президенттик администрациядан жок дегенде гарантия берип койгулачы, жок дегенде биздин сүйлөгөнүбүздү тартып алып кечинде көргөзөбү, же көргөзбөйбү. Же өзүбүз кассеталарга жазып алып айыл-айылды кыдырып көргөзүп чыгалыбы.

Камчыбек Жолдошбаев: - Урматтуу депутаттар, Кубанычбек Сатындиевич. Бул жерде сыр-бор болуп атат, чынын айтканда. Кыргыз элинин тагдыры чечилип атканда мындай маселени тактап албасак, бала бакчадагы, мектептеги балдар, университеттеги студенттер, айылдагы кемпир-чал, койчу, жылкычы дебей ХИПИКти эмне болот деп эстери ооп отурат. Акылбек Үсөнбекович иниме айткым келет, бул маселени тагыраак кылып алып келбесеңер болбойт. Себеби силер айтып атасыңар биз мындай условие коебуз деп. Биз өзүбүз карыз болсок, Күмөндөр Абылов айткандай, азыр очередке турбасаң карызды да алыс жылдырып коем деп блатовать эткендей болуп атат бул жерде. Ошон үчүн бул условиелерди кандай кылабыз, ушуну алып келгиле, өкмөттүн чечими деп атат депутаттын көпчүлүгү бул маселени кол коюп туруп, бул жака келиш керек болуп атат. Же болбосо эшиктин алдына чыксам, азыр жоон топ 100-200 адам дагы митингге кагаздарын көтөрүп келип алыптыр. Бул маселени тактап караш керек. Менин оюм, төртүнчү күнгө тактап, чакырчу адамдарды, өкмөттү, премьер-министрди, президент келеби жана башкалардын бардыгы чуркап жүргөн тегерегиндеги кишилердин бардыгын алып келип алып, орой-чарай туруп кеңешпесек, ХИПИК дегенде мунун аягында эл кыйналып да турат, бир нерсенин ичинен чыгып кеткени турат, арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне дейт. Иш акырын жылып атканда, кыштан аман-эсен чыгып кетели деп ушуну жакшылап тактап кеңешип алсак. Чоң рахмат.

Темир Сариев: - Өкмөттүн астында тандоо турат. Бир жагына барса өзү өлөт, бир жагына барса аты өлөт, башка жолу жок булардын. Анткени ушуга келген. Буга чейин 15 жылдын саясатын сындап келсек, эми бир жарым жылдык саясатын сындап атабыз, ушуга алып келди. Кечээ мен Акылбек Жапаровдун интервью бергенин көрүп айттым, баракелде, буга чейин бир жарым жылга чейин энергетикада эч кандай коррупция жок, сонун иштеп атат ... баштаган команда деп айтты эле. Кечээ өзү айтып отурат коррупция, оффшор менен сатылып атат деп. Жерүй менен Талдыбулакты берип койду, эми айтат биз жаңы шарт киргизишибиз керек. Тоо кен кодексин алышыбыз керек, же болбосо анын ордуна Закон о недрахка өзгөртүү киргизишибиз керек деп. Эң чоң запасы бар алтындын барын бүтүрдүк биз. Кумтөр, Жерүй, Талдыбулактын баары кетти. Кичинекейдин бары кеткен, 3 миң тоннага чейин бар экен, ошолордун 40 тан ашыгы лицензия алып, бардыгы тең жең ичинен алып кетишкен. “Кыргызалтынды” эч ким текшере алган эмес, текшере албайт. Ошон үчүн төртүнчү күнү караш керек, мен ойлойм эң негизгиси түз, ачык, элге жеткиликтүү болгон маалымат беришибиз керек биз. Керек болсо кээ бир кире албай калган масалык маалымат каражаттарынын барын киргизип, эң негизигиси элге түз жетсин, ар бир депутат өзүнүн оюн айтсын, мен ошого кошулам. Экинчиси, мен өтүнүп кетет элем, бизге маалыматтарды, тийиштүү кагаздарды бергиле, мен айттым эле тышкы иштер министрине. 3-4 күн мурун Орусиянын президенти Путин жаңы дайындалган посолдорду кабыл алып отуруп, Кыргызыстан боюнча атайын сөз сүйлөдү. Ал өзүнүн күйүп-бышып атканын, кызыкдар экенин көргөзүп атат. Ошол эмне деген сөз, ал сөздүн аягы эмне менен бүтөт. Ал айтты, Кыргызстандын бүгүнкү оор финансалык акыбалына жардам бериш керек, керек болсо Эл аралык валюта фондусу менен сүйлөшүүлөргө жардам бериш керек деп айтып атат. Бул эмнени берет, анткени Россияга 170 миллионго чейин карызыбыз бар. Россия кол коюп берсе, бир топ өлкөлөр бар кол коюп бере турган, аларга күчү жете турган, же сөзү өтө турган. Ушуга окшогон маалыматтарды бизге толук берсин. Төртүнчү күнү карап жетишсек кечке чейин иштеп, бирок чечим кабыл алып туруп анан биз өкмөткө берели, өкмөт кире алабы, же кире албайбы, кайсы шартта деп.

Сооронбай Жээнбеков: - “Беcплатный сыр бывает в мышеловке” дейт. 800 млн. доллар, бири 900 дейт, бири 1 млрд. 200 дейт, жөн эле кантип жоюп койсун, ойлоп көрсөңөр. Эмне үчүн кирип атканыңарды биз эмес карапайым эл түшүнүп турат. Ошон үчүн менин сунушум мындай: Алардын берген условиесин, кайсы жерине келишпей атасыңар, ошону бизге бергиле. Эртең элдин астына барып биз жооп беребиз. Бул эмне деген программа экенин эл да көрсүн, билсин. Азыр элге бир тараптуу маалымат кетип атат, айрыкча КТРден бул жакшы программа деген. Менин билишимче бул программа жакшы эмес. Ошондуктан бергиле. ХИПИКке кирүү Жапаровдун, Жээнбековдун, же депутаттардын менчик иши эмес, бул жалпы кыргыз мамлекетинин келечеги. Ошон үчүн силер жашырбастан документти алып келип бергиле. Эгерде чыныгы кыргыз мамлекетибиз керек болсо, мамлекетке пайда келтире турган болсо, келечекте экономиканы көтөрө турган документ болсо биз макул дейбиз. Кантип эле биз элген душман болуп макул дебей коелу. Эгерде туура эмес болсо анда биз да оюбузду айтабыз. Ошон үчүн бардыгын тең бердирип койсоңуз.

Ахматбек Келдибеков: - Урматтуу төрага, депутаттар! Төртүнчү күнгө жылдырган менен бүгүнкү сиздердин алдыңыздарга түшкөн кагаз эки эсе көбөйүп калбайт, же өзгөрүп кетпейт. Бүгүн келбеген премьер-министр, вице премьер министр төртүнчү күнү да келбейт. Урматтуу депутат Байсалов, жаңы Конституция боюнча азыр өкмөт жооп берет, сиз президентти көргүңүз келсе учурашып көрүп келе бериңиз. Балээнин бардыгы тышкы карыздын негизинде келип чыгып атат, андай болсо мен сиздерди чакырат элем, бүгүндөн баштап тышкы карызды талдай баштайлы. Мен сиздерге кичинекей гана төрт цифра берейин. 93-жылдан баштап 2005-жылга чейин алган кредиттин көпчүлүк бөлүгү эмнеге кеткен, ПЕСАК деп 29 предприятиенин ичинен 28и банкрот болуп жок болду. Болгону 63 млн. доллар берет. Бул бизге керектүү кредитпи, же кереги жокпу? Кереги жок! Биздин мамлекетке эмне алып келди? Убыткадан башка эч нерсе алып келген жок. Ошону биз талкуулап айталы. Өкмөт, сен сотко бер МВФ болобу, Дүйнөлүк банкты болобу, бул эффективсиз кредит, муну биз төлөбөйбүз. Экинчи: сельское хозяйство. Муну жок кылыш үчүн 45 млн. доллар кредит келиптир. Ошонун негизинде колхоз, совхоз бардыгы жок болду. Муну дагы биз бүгүнкү күндө айтсак болот, бул кредиттин негизинде биздин мамлекет мал чарбадан жоголду. Урматтуу экономисттер отурат, Улуттук банктын төрагасын, Төрөмырзаев деген менин коллегамды буга чейин мактадык. “Макроэномическое стабилизация страны” деп туруп экономикалык реформа болуш үчүн деп 120 млн. доллар келди. Кана маркоэкономическая стабилизация, кана экономическая реформа. Кредитти алып ошонун болгонунун негизинде биз ХИПИКке кетип атабыз. Усовершенствование финансовой системы дейт. Ал үчүн ФИНСААК, ПСЕРМААК дегенди билесиздер, 160 млн. доллар кредит алганбыз. Кандай усавершенствование жөнүндө сөз болуп атат. Бүгүн финансыбыз жетээр точкасына жетип, экономикабыз минустун минусуна жетип отурат. Бүгүнкү тополоңдун баары образованиеде 19 млн. Эгерде тышкы карыздын структурасын карап көрсөңүздөр, келген акчанын бардыгы кыргыз мамлекетинин экономикасын талкалоо, жоготуунун негизинде болду. Ошону биз бүгүн талкуулайлы дагы, ХИПИКке өткүчө ар бирин таразага коюп, өкмөткө, Улуттук банкка, башкасына айтышыбыз керек, бул карыздарды биз төлөбөйбүз, себеби бул алган акчанын айынан биздин өкмөт жок болду десек болот. Ошон үчүн урматтуу төрага, эртеңки күнгө жылдырганда эч нерсе чыкпайт. Биз комитет инициатива кылып чыгарганбыз. Өкмөт, Улуттук банк биз менен акылдашпай, элдин оюн билбей кол коюп койбосун деп эртерээк чыгардык. Докладды, мага демек турсун Африкадан алып келсеңер да өзгөрбөйт. Ошон үчүн талкууга өтүш керек.

XS
SM
MD
LG