- Отставкага чындап эле депутаттар катуу түрткү бердиби, же бул маселе буга чейин эле реалдуу түрдө талкууланып келдиби?
- Конституциянын жаңы редакциясын 9-ноябрда кабыл алганда эле мен ошол учурда Адилет министри катары өкмөт мүчөлөрүнө сунуш кылгам, биздин азыркы иштеп жаткан өкмөттүн Конституция боюнча иштегенге укугубуз жок деп. Анткени Конституциянын өткөөл жоболорунда Президент, Жогорку Кеңеш, Борбордук шайлоо комиссиясы, же башка мамлекеттик органдар кандай иштей тургандыгы жөнүндө жобо бекитилген. Мына ошол өткөөл жободо өкмөт жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. Ошону менен бирге эле Конституциянын 101-статьясында жана Конституциянын 12-статьясынын негизинде Конституция кол коюлган күндөн баштап эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз иштейт. Демек, Конституциянын 69-статьясынын негизинде өкмөт куралыш керек тез аранын ичинде. 69-статьясында так жана даана жазылып турат: пропорционалдык система боюнча жеңген партия премьер-министрди дайындайт жана премьер министр өкмөттүн курамын аныктайт деп.
- Демек, азыр жаңы шайлоо өткөрүлүшү керекпи?
- Демек, азыркы өкмөттүн курамы иштеп жаткан Конституцияга карама-каршы иштеп атабыз. Ар бирибиздин жасаган кадамдарыбыз Конституцияга каршы деп бааланышы мүмкүн бир жагынан. Экинчи жагынан эгер биз отура бере турган болсок, саясий кырдаал сөзсүз курчуйт. Биз саясий кырдаалдын курчушун каалабайбыз. Кыргыз Республикасында саясий акыбал туруктуу болушун каалайбыз. Кыргыз Республикасында экономикалык реформа жүрүүсүн каалайбыз. Эң эле негизгиси - Кыргызстандын элинин Конституциялык укугуна каршы иштегибиз келбейт. Анткени, Кыргызстандын эли пропорционалдык можаритардык система боюнча шайлоого баргысы келет. Конституцияда ошентип жазылган.
- Сиздер отставкага кеткенден кийин саясий кырдаал курчубай тургандыгына кепилдик барбы?
- Саясий кырдаал курчубайт деп эсептейбиз, бул бир жагынан. Экинчи жагынан, биз отставкага кетип жатып ушул Конституциянын иштегенине шарт түзүп берип атабыз. Элдин саясий укугунун аткарылышына шарт түзүп берип атабыз.
- Президент отставкаңарды кабыл албаса эмне болот?
- Кабыл алды. Бүгүн саат 17.30да Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевге өзүбүздүн арызыбызды өкмөттүн мүчөлөрү толук курамы менен кирип тапшырдык, арызыбызды ал кабыл алды.