Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

ТЕМИР САРИЕВ: ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛЕТ


-Өкмөттүн кызматтан чегиниши күтүлбөгөн кадам болдубу, же жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бул мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

- Биз аны мыйзам ченемдүү деп да айтсак болот. Эгер мыйзам ченемдүү болсо алар буга чейин эле Конституция күчүнө киргенден баштап отставкага бериш керек болчу. Мен ойлойм, бул чечим кандайдыр бир саясий ой менен кабыл алынган, биринчиден. Экинчиден, бул өкмөттүн ичиндеги көңүл келишпестик менен байланыштуу. Алардын ичинде абдан чоң көз караштар, туура келбес позициялар бар болчу. Көбүнесе ХИПИК, Жерүй, Талдыбулак алтыны боюнча, 2007-жылдын бюджети боюнча чоң пикир келишпестиктер болуп, ар түрдүү кайчы көз караштар болгон. Мен ойлойм, ушунун кесепетинен келип чыкты деп.

- Эми отставкага кеткен өкмөт мүчөлөрү депутаттарды да чегинүүгө үндөшүүдө. Сиздин буга жообуңуз кандай болмокчу?

- Биз баарыбыз мыйзамдын негизинде иштешибиз керек. Негизги мыйзам болуп бизде Конституция эсептелинет. Конституцияда кайсы убакта Жогорку Кеңешти таратуу, же анын жоюлуп кетиши боюнча жобосу жазылган. Анда эки гана учур көргөзүлгөн. Биринчи учур: депутаттар экиден үчүнүн добушу менен өздөрү тарап кетет, экинчиси: эгерде өкмөт үч жолу шайланбай калса, президент анда өзү жаңы өкмөттү шайлап, парламентти таратып, 45 күн ичинде жаңы шайлоолорду жүргүзөт деген жобосу бар. Парламентти таркатуунун башка жобосу же шарттары жок. Ошон үчүн парламентти таркатабыз деген бул жүйөөсүз, Конституцияга каршы келет. Эгерде ошондой иш аракеттер боло турган болсо, анда бул өзүнө Конституциядан аша чаап алган укук деп эсептелип, бул үчүн мыйзамдын астында жооп бере турган учур келет.

- Темир мырза, ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдыраимов дагы кызматынан кетти. Бул эки окуянын байланышы барбы?

- Байланышы бар. Кээ бир өкмөттөгү «шумкарлар” деп атпайбызбы, ушундай радикалдуу ой жүгүртүүлөрдү кылып атышат, парламентти таркатып, кайра шайлоо жүргүзөбүз деп. Булар мыйзамды, Конституцияны аягына чейин билбегендик. Эң негизгиси, мурунку Конституциядан айырмаланып азыр президент парламент таркап кеткен учурда мыйзам кабыл ала албайт. Парламенттин функциясын алалбайт. Мурунку Конституцияда ушундай норма бар болчу. Ошонун негизинде биз жаңы шайлоону шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизбей туруп, партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбей туруп өткөзө албайбыз. Экинчиси, Конституциянын негизинде парламентти бүгүн таркатып жиберүүгө алардын жолу жок.

XS
SM
MD
LG