Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

РУМЫНИЯ КОММУНИСТТИК РЕЖИМДИ СЫНГА АЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 18-декабрде Румыниянын президенти Траян Басеску өлкөнү 40 жыл бою башкарган коммунисттик режимди сындаган билдирүү жасады. Президент коммунисттик режим өзүн чындыктын жана акыйкаттыктын жалгыз булагы деп эсептеген режим бийликке күч колдонуунун арты менен келип, күч колдонуунун натыйжасында кетүүгө мажбур болгондугун белгиледи.

Коммунисттик режим жүз миңдеген адамдарды өлтүрүп, жок кылды, депортациялады. 40 жылдан ашык убакыт бою бийликте болгон коммунисттик режим мыйзамсыз жана кылмыштуу өкмөт болду, деп айтты президент Траян Басеску дүйшөмбү күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

-Румыниянын жарандарына коммунисттик режимди өзүлөрүн чындык менен акыйкаттыктын булагы деп эсептеген бир ууч адам таңуулаган. Күч колдонуунун арты менен жаралган режим , күч колдонунун натыйжасында жок кылынды. Бул репрессивдик режим румын элин 50 жыл бою басмырлап, жарандарды жалганчылык менен коркууда жашоого мажбур кылды ,- деп билдирди Траян Басеску.

Басескунун мындай айыптоосун парламенттин бир бөлүгү кол чабуу менен каршы алса, бир бөлүгү каршы чыгып, ал эми бир бөлүгү үн катпастан угуп отурду.

Бул билдирүү Румыния Еврошаркетке мүчө катары кабыл алынарына 2 жума калганда жасалып олтурат . Байкоочулар буга Еврошаркеттин жана жарандык коомдун кысмагы түрткү болду, деп жатышат. Еврошаркеттин Парламенттик Ассамблеясы ушул жылдын башында кабыл алган резолюциясында Европанын мурдагы коммунисттик өлкөлөрүн коммунизмдин тарыхына жаңыча баа бере албай жатышат деп сынга алган.

Натыйжада март айында Басеску окумуштуу тарыхчылар менен психологдордон турган атайын комиссия түзүп, коммунисттик режимдин тарыхын таасын изилдеп чыгууга тапшырма берген.

Бул көрсөтмөнү аткаруу оңой болгон жок, анткени Румыниянын коммунисттик режиминин көптөгөн өкүлдөрү мурдагыдай эле бийликтин ар кайсы тармактарын башкарып кала берүүдө. Мурдагы коммунисттик партия социал-демократиялык партия деген аталыш менен иштеп жатат. Комиссия мүчөлөрү айрым мамлекеттик агенттиктер маалымат берүүдөн баш тартса, башкалары комиссия мүчөлөрү менен таптакыр сүйлөшкүсү келбегенин айтышат.

Коммиссиянын баяндамасында жүрөк үшүн алган окуялар камтылган. Мисалы, анын бир бөлүгүндө камакта отурган жаш саясий туткундар кыйноолорго дуушар кылынып, алардын көз карашы менен кулк-мүнөзүн өзгөртүү үчүн "акыл- эсти тазалоо" жүргүзүлгөндүгү маалымдалат.

Президент Басескунун билдирүүсүн өлкөнүн Социал-демократиялык партиясы нааразы сын менен кабыл алды. Мурдагы президент, азыр партиянын жетекчилеринин бири Ион Ильеску президентти коммунисттик доорду "мокочо кылып көрсөткүсү келип жатат" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG