Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

МОСКВА: АЛАТООЛУК СТУДЕНТТЕР АТА МЕКЕНИНДЕГИ КЫРДААЛГА БУШАЙМАН


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстанда өкмөт кызматтан чегингени тууралуу кабарды Орусиядагы кыргызстандыктар да күтүлбөгөн окуя катары кабыл алышты.

Шейшембиде түштөн кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилигине Орусиянын баш калаасындагы ар башка жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер чогулушкан. Алар алдын ала белгиленгендей эле элчи Апас Жумагулов менен өздөрүнүн проблемалары тууралуу сүйлөшөлү деп келишкен экен.

Жолугушуу башталаардын алдында Кыргызстанда өкмөт отставкага кеткени тууралуу кабар жетип калды. Аны мында чогулгандар түрдүүчө кабыл алышканы байкалып турду.

Эрмек Жумаев, МГУнун дүйнөлүк саясат факультетинде окуйт. «Кыргызстандагы соңку окуялар дагы бейстабилдүүлүктү жаратабы деп коркуп турабыз»,-дейт ал.

- Кыргыз элине азыр туруктуулук аябай керек болуп турат. Ал эми Өкмөттүн отставкага кетиши, менимче, абалды бейстабилдештирет. Анткени, мен билгенден, бул сунуш депутаттардан келген. Анан парламент бул суроону Конституциянын деңгээлине чейин коюп, эми биз аны аткарбайбыз дегени туура эмес деп ойлойм.

Бул суроону талкуулап жатканда студенттердин айрымдары алардын пикири менен эч ким эсептешпейт деп ойлой тургандыктарын айтышты.

- Биздин өлкө бүгүнкү күндөн эмнени күтүп атканын өзү да билбейт. Биздин сөзүбүз аларга баары бир жетпейт, - дейт Плеханов атындагы Орусия экономикалык академиясынын студенти Гүлсара.

Ал эми Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов өкмөттүн кызматтан чегиниши өлкөдө кырдаалды курчутпайт деп ойлойт.

- Чынында эле, абдан кыйын иш болду. Өкмөт бекеринен отставкага кетпесе керек. Эми азыр бул суроону президент карап, Конституциялык сот, парламент жана башка тараптар менен акылдашышы мүмкүн. Ошондон кийин гана бир жыйынтыкка келип, чечим кабыл алат ко дейм. Азырынча «Бул мындай болот, бул калат, бул кетет» деп айтканга эртелик кылат. Менимче, кырдаал кыйындабап кетпейт. Эми ушинтип эле плакат көтөрүп, же кол көтөрүп жүрө беребизби? Иштешибиз керек да. Эгер элибизде, жерибизде жакшылык болсун десек, көзгө көрүнөөрлүк иш болсун десек, жамандыкка барбай, мыйзам чегинде иштей башташыбыз керек, - деди Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов.

Чынында, бул күнү элчиликке студенттер башка маселе боюнча чогулушкан эле. Алар Москвадагы жана Орусиянын башка шаарларындагы студенттик уюмдардын иши боюнча элчи менен ой бөлүшкөнү келишкен экен. Элчиге түрдүү ойлор айтылды. Мисалы, айрым студенттер элчиликте Орусияда окууну жакшы бүтүргөн студенттерди кийин иш оорду менен камсыздай турган өзүнчө бир «студенттик кеңеш» түзөлү деген сунушун киргизишти.

Жалпысынан, расмий маалыматтарга караганда, бүгүн Орусия боюнча 8 000 жакын кыргызстандык студент окуйт. Алардын ичинде 700 жакыны бюджеттик, калгандары контракттык негизде билим алышат.

XS
SM
MD
LG