Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, парламентти президент антиконституциялык жол менен күчтөп таркатышы мүмкүн. Парламент өз алдынча таркашы үчүн Шайлоо Кодексине, Саясий партиялар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошондой эле шайлоо участокторун кайрадан карап чыгуу керек. Ошондон кийин гана март-апрель айларында парламентке шайлоо өткөрүү туура болот.