- Оппозициядагы саясатчылар үчүн өкмөттүн кечээги чечими күтүүсүз болдубу, же күтүлгөн эле окуя беле?
- Өкмөттүн кечээги чечими бир жарым айдан бери айтылып жаткан. Бирок, кечээ отставкага кетээрин эч ким божомолдогон эмес. Анын кетишинин негизги себептерин биз билебиз. Өкмөт качан отставкага кетет? Эгер өкмөт президенттин, парламенттин саясатын колдобосо, же парламент менен өкмөт президенттин ишине нааразы болсо отставкага кетет. Алардын отставкасын парламентке моралдык, саясий кысым көргөзүү, эгер зарыл болсо кайра шайлоолорду дайындап, административдик ресурс менен чөнтөк парламент алып келгенге жасаган аракети катары баалайбыз. Мындай учур Кыргызстандын тарыхында болгон. Бул 1993-жылы алтын чатагы чыгып, дүйнөдөгү эң чоң алтын кендеринин бири болгон Кумтөрдү Канадалык фирмага негизинен бекер берип жаткан учурда легендарлык парламент муну туура эмес деп чыккан. Ошон үчүн ал парламент курмандыкка чалынып, биздин зор алтыныбыз канадалыктарга дээрлик бекер берилген. Аны мына бүгүн барыбыз айтып келип жатабыз. Бүгүн дагы мына ошондой өкмөт үчүн чечилбеген маселе пайда болду. Биринчи кезекте энергетика тармагын эки жылдан бери приватташтырып сатабыз, тарифтерди көтөрөбүз деген идеясын парламент ачыктан-ачык колдобой келе жатат.
Экинчиси, тоо кендерди, негизинен алтындарды мыйзамсыз берүүнү токтотуу үчүн парламент бир нече чечимдерди кабыл алды. Тилекке каршы, өкмөт муну дагы аткарбайм деп ачыктан-ачык өз позициясын билдирип, каалаганына алтын кенди кармата берип отурат.
Үчүнчүсү, ХИПИК программасына кирүү боюнча өкмөттүн демилгеси бар. Кыргызстандын эли да, парламент да бул маселени колдобойт. Кечээ парламентте бул маселенин угуулары башталды. Мына ушул парламенттин угуулары башталгандан кийин өкмөт ушундай жүрүшүн жасап отурат. Бул деген сөз ушул парламентке кысым көргөзүү аркылуу, анын чочутуу аркылуу ошол чечимдерди алып өтүү, же болбосо жаңы шайлоо аркылуу жаңы парламент түзүп, же парламенттин жоктугунан пайдаланып мына ушул чечимдерди өкмөт иш жүзүнө ашырганга аракет кылат деп ойлойбуз.
- Өмүрбек мырза, экономикалык реформа жылбаганы үчүн өз кезинде өкмөт парламентти айыптап келет. Кечээги билдирүүсүндө отставкасынын бир себебин жаңы конституцияга ылайык жашоону баштоо деп түшүндүрдү. Сиз да эми жаңы Конституциянын авторлорунун бири катары жаңы конституциялык жашоонун мындан аркы жолун эмнеден көрөсүз?
- Тилекке каршы, өкмөт да, президент да жаңы Конституция менен иштеген жок, алар өзүлөрү жоопкерчилигин алып, өзүнүн ишин кылышы керек. Мурункудай эле ”алың, “өтүң” деген принцип менен иштеп атат. Муну парламент бир канча жолу айткан. Аны жасоонун ордуна булар ар кандай саясий оюндарга барып өлкөнү кризиске түртүп жатышат. Ошондуктан мен өкмөттүн жаңы Конституция менен иштейбиз деген оюн толугу менен колдойм. Бирок, булардын кадамы тескерисинче иштебегенге аракет кылып отурат.
Эгер өкмөт отставкага кетсе, биротоло кетиш керек. Анын үстүнө президент кечээ эл менен түздөн-түз сүйлөшкөндө дагы убада берген. “Дыйкан банкы түзүлгөн жок, мен силерге убада бердим эле, өкмөт менен Улуттук банк түзгөн жок. Эгерде 1-январга чейин түзбөсө аларды мен отставкага айдайм, андайлар менен иштеше албайм” деп эл алдына салтанаттуу убада берди. Эгер президент президент болсо, президенттик кадыр-баркын сыйласа ошол сөзүнө турат го деп ойлойм. 1-январга 10 күн калды, 10 күндүн ичинде отставкага кеткен өкмөт, Улуттук банк кагаз жүзүндө эле бир чечим чыгарып койбосо Дыйкан банкын түзө албайт.
Ошондуктан, булардын отставкасын биротоло кабыл алып, жаңы өкмөттү дайындаш керек. Кайсы тартип боюнча жаңы өкмөт калыптанат деген ойду айтып атышат. Президент өзү эле кечээ “6 ай бар. 6 айга чейин эски мыйзамдар иштейт. Мен ошол эски мыйзамдарга ылайык губернатор, акимдерди коюп атам” деп билдирип чыкты. Андай болсо бизде аракеттеги конституциялык өкмөт жөнүндө мыйзам бар. Ал жерде отставкага кеткендердин ордуна жаңы өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартиптери жакшынакай болуп бадырайып көргөзүлүп жазылып турат. Жаңы өкмөт дайындап эки жылдан бери эл ишенимин актабаган өкмөттүн курамын радикалдуу түрдө алмаштырыш керек деп ойлойм.
- Сиз айтып аткан нерселер жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык келеби?
- Жаңы Конституцияда бул жол ачыктан-ачык көргөзүлгөн эмес. Анткени, биринчи вариантында болгон. Экинчи вариантында кабыл алынган түнү президент тарап менен өкмөт тараптан Данияр менен Мадумаров келип президенттин өтүнүчү катары өкмөт кетип, ал кантип шайланат деген жобону алдыртып салган. Мына ошондуктан азыр булардын кантип дайындаларын биз билбейбиз, андай нерсе көргөзүлгөн эмес деген ойду айтып отурат.
Депутаттар тарабынан андай жобо сунушталган эле, бирок президенттин, өкмөтүн өтүнүчү катары, шарты катары ушул жобо алынган. Бирок, ошого карабастан өкмөт жөнүндө мыйзам бар. Бул жөн мыйзам эмес, конституциялык мыйзам. Ошол мыйзамдын тартиптерине ылайык жаңы өкмөттүн курамы сунуш кылыныш керек.