Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:25

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: ӨКМӨТТҮН КЕТИШИ ПАРЛАМЕНТТИ КРИЗИСКЕ БАТЫРБАЙТ


Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары жабык кеңешме өткөрүп, анда парламентти таратууга мыйзамдык негиз жок деген тыянакка келишти. Өкмөт өзүнүн бийликтен кетишин реформаларга жол ачуу максаты менен байланыштырып, бул кадам парламентте партиялык тизме менен кайра шайлоо өткөрүүгө жол ачат деген үмүтүн билдирген. Депутаттар өкмөттүн кызматтан кетишин жоопкерчиликтен качуу катары баалашып, бул парламентти эч кандай кризиске алып келбей тургандыгын эскертишти.

Регламентке ылайык бүгүн Жогорку Кеңеште сессия болгон жок. Бирок, өкмөттүн кетишине байланыштуу бул күнү жабык кеңешмеге чогулган кырк алты депутат пикир алмашуу менен чектелишти.

Кеңешменин соңунда төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун журналисттерге билдиргенине караганда, депутаттар өкмөттүн кызматтан баш тартышын кадырэсе көрүнүш катары баалашты:

- Кайгыра турган эч нерсе жок бул жерде. Жыйырма төрт киши сүйлөдү, өкмөттүн кызматтан чегиниши кадырэсе көрүнүш. Бирок, алар кандай максатты көздөгөндүгү көрүнүп турат. Биз өлкөдө тынчтык стабилдүүлүк сакталышын каалайбыз. Парламент Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өз милдеттерин аткарып жатат.

Анткен менен депуттар өкмөттү катаал учурда кетип, осолдук жасады деп сындап жатышат:

- Бирөөнүн жеңил-оорун бирөөгө жүктөп коюу – оңой нерсе. Өкмөт ушундай татаал кезде, мыкты, кыйынчылык кезде, бюджет кабыл алынып жаткан кезде, ХИПК, Кыргызстандын келечеги чечилип аткан кезде отставкага кетпеш керек болчу. Анда эмне үчүн 10-ноябрда кеткен жок, мыйзам ченемдүү Конституция кабыл алынаары менен? - деди депутат Алманбет Матубраимов.

Кечээ кызматтан кетип жатып өкмөт мүчөлөрү парламент менен кызматташуу оорлошуп кеткенин ачык эле айтып, Конституциянын жаңы редакциясынын чегинде иштөө үчүн өкмөт сыяктуу эле парламент да жаңыланыш зарылдыгын белгилешкен. Маселен, Феликс Кулов парламентти партиялык тизме менен шайлоо жаңы Конституциянын талабы экенин белгилеген.

Жогорку Кеңештин укук комитетинин төрагасы Алишер Сабиров Конституциянын жаңы редакциясындагы өткөөл мыйзамда өкмөт келерки шайлоого чейин иштейт деп көрсөтүлгөн, ошондуктан, өкмөттүн кызматтан кетишинде укуктук эч кандай негиз жок дейт. Депутаттын оюнда өкмөт жоопкерчиликтен качкан үчүн гана ушундай кадамга барды, себеби, өкмөт өткөн жылдар үчүн бюджеттин отчетторун, келерки жылдын бюджетинин, өкмөт түзүмүнүн долбоорлорун парламентке кечиктирип берди.

Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттүн беймаал учурда күтүүсүз кызматтан кетишин парламенттин эркин басып, атайылап кризиске алып баруу, ал аркылуу парламенттин тарашын шарттоо аракети деп баалады. Буга ХИПК программасына, энергетика тармагына жана алтын маселесине байланышкан оор үч жагдай түрткү болду.

Өкмөт бул аракетин президент менен макулдашкан деп эсептеген саясатчылар арасында президент парламентти таратуу боюнча жардык долбоорун даярдап койгондугу тууралуу маалыматтар да айтылды. Бул Конституцияга каршы келет деп эсептеген депутат Азимбек Бекназаров, эгер, мындай жардык чыгарса, президент өзү да шайлоого барууга аргасыз болорун белгиледи. Ушул сунушту камтыган токтом долбоорунда Бекназаров президенттик шайлоону 24-мартка белгилеген.

Өкмөттүн кызматтан кетиши парламенттин тарашына негиз болуп бере албайт деген көпчүлүк депутаттардын бири, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев:

- Жаңы шайлоо жарыяланат деген сөздөр болуп жатат. Жаңы шайлоону парламентти таратпай туруп өткөрүүгө болбойт. Таратпай туруп жаңы шайлоо өткөрүү укугу президентте жок. Жаңы шайлоо өткөрүү үчүн сөзсүз парламентти таратыш керек. А парламентти таратууга Конституцияда негиз жок.
Баш мыйзамда парламент өзүн өзү таратууга, өкмөттүн курамын жана өкмөт башчыны дайындоодо парламент үч ирет бир пикирге келе албай калса президент таратууга укуктуу, ошондой эле парламентке үч ай ичинде эки жолу ишеним көрсөтпөсө президент парламентти же өкмөттү таратууга укуктуу. Депутаттар мындай шарт түзүлгөн жок деп эсептешүүдө.


Азыр Шайлоо Кодексине, саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү, өкмөттүн түзүмүн, келерки жылдын бюджетин кароо парламенттин алдыдагы шашылыш милдеттери катары саналууда. Ошентсе да депутаттар бүгүнкү жабык жыйында чукул карала турган маселелерди аныктоо максатында жумушчу топ түзүштү. Алар бир-эки күн аралыгында маселелерди тактап, сессияга сунуш кылат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG