Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: АТУУЛДАР КАЧАН ВИЗАСЫЗ КАТТАЙ АЛАТ?


Октябрь айында президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга расмий учурунда кыргыз-өкмөтү менен өзбек өкмөтү атуулдардын визасыз өз каттамдары жөнүндө келишимге кол койгон. Кыргыз парламенти ал келишимди өткөн жуманын соңунда ратификациялады.

Кыргызстанданы Ташкендеги элчилигинин маалымдоосуна караганда, эки мамлекеттин атуулдарынын визасыз өз ара каттамдары боюнча келишимди Өзбекстан парламенти ратификациялай элек. Кыргыз парламенти болсо өткөн жумада андай ишти аткарды. Тышкы иштер министрлигинин Өзбекстан боюнча адиси Медер Абакиров келишимдин күчкө кириши үчүн дагы бир катар иштер аткарылыш керектигин билдирди:

"Келишимдин 16 беренесине ылайык өлкөлөр ички процедураларды жасап, анын аяктаганы тууралуу акыркы каттар менен алмашканда келишим күчүнө кирет. Маселен, биздин тышкы иштер министрлик келишимди парламент ратификациялап, ага президент кол койгонун Өзбекстан тышкы иштер министрлигине кабарлайт. Андан кийин мына ушундай эле иштер Өзбекстанда аткарылганы кат жүзүндө кабарланат. Мына ошондон кийин келишим күчүнө кирет. Бул иштер качан бүтөөрү азырынча белгисиз".

Кыргызстан менен Өзбекстан жакында суу-энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимге жетишти. Ага ылайык, Өзбекстан келерки жылдан баштап бизге 1 миң куб метр газды 100 доллардан сатат. Буга чейин анын баасы 55 доллар болуп келген. Ошондой эле Кыргызстан Ташкенге электр энергиясын экспорттойт. Бир килловат саат электр энергиясынын баасы 1 центтен бир аз ашыгыраак болмокчу. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев суу-энергетика тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди дүйшөмбү күнү кескин сынга алып, ал келерки жылы Токтогул суу сактагычынан Өзбекстанга жылдагыдан 10% сууну көп берүүгө макулдук менен жетишилгени, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келбейт деди.

Ал эми президент Курманбек Бакиев шейшемби күнкү элдин суроолоруна түз эфирде жооп берүү учурунда Кыргызстан менен Өзбекстан мамилесинин оңолушунун себебин мындай түшүндүрдү:

"Быйыл биз канча бандиттик топторду жок кылдык. Буларды алар көрүп жатат. Кыргыздар террорчулар менен күрөшө баштады, булар менен мамилени түзөлү деп бизге кол сунду. Мына ушунун негизинде болууда. Экинчиден, газ, электр энергиясы, суу боюнча келишимге кол коюлду".

Президент ошондой эле эки мамлекеттин мамилеси андан ары жакшырып, атуулдардын каттоосу да жеңилдерине ишенгенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG