Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

ЭТ ЖЕБЕГЕН АДАМ СУЛУУ БОЛОБУ?


Баян Жумакадыркы кызы, Прага шаары Британиялык окумуштуулар жашылча-жемишти көп жеген балдар чоңойгондо интеллектуалдык жагынан башка балдарга караганда жогору дэңгээлде боло турганын аныкташты.

"Бритиш медикал журнал" басылмасынын акыркы санында жарык көргөн маалыматта окумуштуулар тобунун жетекчиси Катрин Гэйл 1970-жылы төрөлгөн 17 миң британиялык мектеп окуучусу чоң киши болгон куракка чейин изилдөөгө алынганын баяндайт. 30 жашка чыкканда ошол топтун ичинен эт жегенден баш тарткандардын интеллигенттүүлүк коэфиценти эт жеген кишилердикинен 4 өлчөмгө жогору болуп чыккан.

"Эт жегенден баш тартуу алардын акылына акыл кошту дегенден алыспыз. Анткени алардын интеллигентүүлүк коэффиценти алар вегетариан болгондон алда канча мурда эле өлчөнгөн. 10 жашында алардын аз гана бөлүгү вегетариан болгон. Тескерисинче, биз акылдуураак балдар эмне жеп-эмне ичеери жөнүндө барган сайын көбүрөөк ойлонот деген пикирдебиз",- дейт Гэйл.


Интеллигентүүлүк коэффициенти жогору болгон балдардын арасында чоңойгондо ашыкча салмак кошкон, же болбосо кан басымы жогору болгон кишилер аз болгон, алардын арасында ошондой эле чылым чегүүнү таштап койгондор көбүрөөк кездешкен.

Изилдөөчүлөрдүн иликтөөлөрү ошондой эле вегетариандарда интеллигенттүүлүк коэффициенти анда - мында куш этин жана балык этин жеген вегетариандардыкынан айырмаланбаганын аныктады.

Кызыктуу жери - изилдөөчү Катрин Гейл вегетариандардын айрымдары этсиз диетаны кармоо аларды сулуураак кылып койгонун белгилешкен. Буга мисал катары Катрин Гейл Британиянын белгилүү драматургу Джордж Бернард Шоунун менин мээмдин кыпындай да бөлүгү бодо эти менен тамактангандан келип чыккан эмес, деп айтканын келтирип, буларды кошумчалады:

"Этсиз диетаны катуу кармаган белгилүү вегетариандардын бири драматург Джордж Бернард Шоу эттен баш тартуу анын акыл-эсин жакшыртканын сезген, бирок биздин иликтөөлөрдөн мындай көрүнүш байкалган жок" ,- дейт Гэйл.

Эттен баш тартуу адамды акылдуу кылбасын доктурлар мындан алда канча мурда эле айтып келишкен. 1930- жылы британиялык дарыгер Роберт Хатчисон вегетариан болгондун зыяны жок, бирок ошентсе да ал адамдын "меники гана туура" деген ишенимин күчөтөт деп жазган.
XS
SM
MD
LG