Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

ОРУСИЯ МЕНЕН БАТЫШТЫН ОРТОСУНДА ТЫҢЧЫ УЛОО КАРМАШЫ КҮЧӨЙБҮ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада 19-декабрде ФСБнын жетекчиси Николай Патрушев орусиялык басма сөз каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, Даниялык качкындар боюнча советине ФСБнын доосу бар экенин айткан. Анын сөзүнө караганда советтин кайсы бир кызматкерлеринин «чалгындоо боюнча тажрыйбасы бар» кишилер. Ошондой эле Түндүк Кавказдын тургундары үчүн таратылган гуманитардык жардамдар жикчилдердин колуна тийип калып атат деген. Шаршембиде Даниянын качкындар боюнча совети болсо ФСБнын жетекчиси таккан айыпты четке какты. Ошондой эле Патрушев, чет элдик атайын кызматтагылар көп учурда эл аралык өкүмөттүк эмес уюмдар менен басма сөз каражаттарында иштеп жүрүшөт деген.

Орусиянын жашыруун кызматынын жетекчиси айтканга караганда, «үстүдөгү жылы Орусияда кыркка чукул чет элдик атайын кызматы аракет жазаганы катталган». Айрыкча деп астын сызып көргөзгөн жеринде, кыйла эл аралык корлор, уюмдар ошондой эле маалымат каражаттарында тыңчылык күчөгөнүн белгилеген.

Ошол эле учурда, жакында The Sunday Times гезити жазганга караганда, «Британиядагы орусиялык ырасмий өкүлдөрдүн ар бир бешинчиси – тыңчы болуп эсептелет».

Ал эми Александр Литвиненконун радиоактивдүү элемент менен ууланып өлүшүнө байланыштуу айтылып аткан пикрилер арасында көптөгөн анализчилер аны орусиялык атайын кызматы жасады дешет.

Жакында мамлекеттик сыналгылар көрсөткөн Тышкы чалгындоо кызматынын (СВР) жаңы кенсеси эч жерде жолукпас техника менен жабдылганын жана ал уюмга өкүмөт каражатты аябай жумшаарын президент Путин айтты. Журналисттер чөйрөсүндө болсо ал уюмдун эмне иш кыларын ФСБга салыштырганда таптакыр билишпей тургандыгын айтышат.

Бийликтин мындай маанайын «Адам укугу үчүн» кыймылынын жетекчиси Лев Пономарев келе жаткан шайлоого байланыштырат:

«Орусияда оор саясий мезгил (шайлоо – ММ) келди. Политковская менен Литвиненконун өлтүрүлүшү – ФСБнын ишкердүүлүгү арта тургандыгын билдирип турат», - дейт Пономарев мырза «Азаттык» үчүн айткан пикиринде.

Башка анализчилер болсо, «Орусияда канчалаган кылмыштуулук жасалып атат, адам укугун тебейлеп тепсөө болуп атат. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин паракорчулукка берилүсү артып барат. Бирок ал туурасында өкүмөттүк эмес уюмдар гана ачык айтып сындай алышат», - дешет.

Президент Путиндин пикирине келсек, ал үстүдө жылдын башында журналисттер менен жолугуу маалында: «Бир мамлекет экинчи мамлекет жеринде өкүмөттүк эмес уюмдарды өзүнүн тышкы саясатындагы апсап катары пайдалана албайт», - деген эле.

Шейшембиде ФСБнын жетекчисинин билдирүсүнө жооп кылып Berliner Zeitung «Кантсе да Патрушевдин тарткан түйшүгү Украиналык жол менен ишке ашчу ыңкылаптык жол деп өкүмөттүк эмес уюмдарга таасир этүү болуп атат», - деп жазат.

XS
SM
MD
LG