Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

ЛИТВИНЕНКОНУН ӨЛҮМҮ ҮЧҮН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕГЕН ШЕК КҮЧТҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага Ноябрдын башында Лондон шаарында ууланып, үч апта кыйналып ооругандан кийин каза болгон Александр Литвиненконун өлүмүнө ким жооптуу экени тууралуу ар башка жоромолдор айтылууда.

Литвиненконун өлүмү менен байланыштуу ар башка тараптар ар башка божомол айтууда. Британия менен немис полициясынын билдиргенине караганда, Литвиненконун өлүмүнө Орусиянын коопсуздук кызматы үчүн мурда иштеген Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун деген эки адамдын тийешеси бар. Алар Литвиненко менен 1-ноябрда Лондондо жолуккан жана Литвиненко ошол жолугушуу учурунда ууланган.

Орус прокуратурасы азыр өз алдынча иш ачты жана тергөөчүлөрдүн айтымында, Литвиненко менен кошо Луговой менен Ковтун дагы ууланган. Алар азыр Маскөөдө жабык ооруканада дарыланууда. Бирок немис полициясынын айтымында, Лондонго келердин алдында Ковтун Гамбург шаарында жашаган мурдагы аялына барган жана аялы да радиация менен ууланган. Британ полициясынын айтымында болсо, Ковтун менен жолукканга чейин Литвиненко таза болчу.

Орус маалымат каражаттары тараткан кабарларга караганда, Литвиненко кокусунан ууланып алган болушу мүмкүн, анткени радиоактивдүү заттарды тымызын сатуу иштерине катышканы ыктымал. Айрымдар - ал орус президенти Владимир Путинге көлөкө түшүрүү максатында өзүн өзү атайылап ууланткан деп айтууда, башкалар болсо - ошондой эле максат менен Литвиненкону анын досу Борис Березовский ууланткан болуш керек деп билдирүүдө.

Мурда КГБда иштеп, советтик мезгилде Батышка качып, азыр Лондон шаарында жашаган Олег Гордиевскийдин айтымында, Литвиненкону Орусиянын коопсуздук кызматы өлтүрдү, анткени бийликке Путин келгенден кийин ал кызмат эски КГБнын ыкмалары менен иштей баштады. Анын тымызын эрежелеринин эң негизгиси болсо - чыккынчылар сөзсүз өлтүрүлүш керек жана алар канчалык кыйналып өлсө, ошончолук жаңы чыккынчы чыкпайт. Гордиевскийдин айтымында, бул жагынан алганда КГБ бандиттик уюмга окшош жана азыркы Орусия өзү "бандиттик мамлекетке" айланууда.

Коопсуздук кызматы үчүн иштеп, кийин ага каршы аракеттене баштаган же ал кызмат менен мамилесин бузуп алып, кийин табышмактуу шарттарда каза болгон адамдардын тизмеси бир кыйла узун. 1999-жылы Орусиянын ар башка шаарларында болгон жардырууларды коопсуздук кызматтары өздөрү уюштурган деп, атайын изилдөө жүргүзүп келген журналист жана Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Щекочихин 2003-жылы ууланып өлгөн.

Быйыл октябрда Маскөөдө атып өлтүрүлгөн журналист Анна Политковская дагы 2004-жылы ууландырылган, бирок тирүү калган. 2003-жылы Катар мамлекетинде Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиев жардырып жиберилген. Катардын тергөөчүлөрү - жардырууну эки орус тыңчысы ишке ашырган деп, аларды кармап, соттогон, бирок кийин экөөнү тең Маскөөгө өткөрүп берген, бирок орус бийлиги аларга сыйлык берген, дейт Гордиевский.

2004-жылдын июнунда Маскөөдө коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги, бир кезде Путин менен кызматташкан Игорь Климов атып өлтүрүлгөн. Ошол эле жылы сентябрда - Санкт-Петербургдун мурдагы мэри Анатолий Собчактын коопсуздугу үчүн жооп берип келген Роман Цепов деген адам радиациядан ууланып өлгөн.

2005-жылдын апрелинде коопсуздук кызматынын Маскөө боюнча башчысы Анатолий Трофимов атып өлтүрүлгөн. 1998-жылы коопсуздук кызматынын башчылыгына Путин дайындалганда, генерал Трофимов ага катуу каршы чыккан деген маалыматтар бар. Мурда коопсуздук кызматы үчүн иштеп, 1999-жылдагы жардырууларды чекисттер өздөрү уюштурган деп чыккан Михаил Трепашкин соттолуп, азыр түрмөдө.
XS
SM
MD
LG