Вашингтондогу жыйын - АКШ президентинин журналисттер менен өтүп бараткан 2006-жылдагы акыркы жолугушуусу болду. Ошондуктан ал жыйында жылдын жыйынтыктары чыгарылып, АКШнын тьшкы жана ички саясаты боюнча маселелер көтөрүлдү, 50 мүнөткө уланган жолугушуунун негизги бөлүгү Ирактагы абалга арналды.
Президент Буштун айтымында, АКШ армиясынын саны көбөйтүлөт, бирок аскер канчага көбөйтүлө турганы жана ал аракет качан көрүлөөрү жөнүндө айтылган жок. Белгилүү нерсе - аба жана деңиз күчтөрүнүн саны көбөйтүлбөйт, жөнөкөй жана деңиз жээк аскерлери күчөтүлүшү мүмкүн. Буштун айтымында, ал жаңы коргоо министри Роберт Гейтске тапшырма берди жана министр эми маселени даярдайт. Мындан эки эле күн мурда ишке киришкен Гейтс болсо азыр Иракта.
Президенттин бул жарыясы журналисттерди бир кыйла таң калтырды, анткени мурдагы министр Доналд Рамсфелд такыр башка саясат жүргүзүп келген, ал атайылап аскерлердин санын көбөйткөндөн мурда илимий жана техникалык жетишкендиктерге басым жасаган. Ошондуктан президентке ал тууралуу суроо берилгенде, ал минтип жооп берди:
"Рамсфелд Пентагондун ишине абдан көп жаңылыктарды киргизди жана мен аларды колдойм. Анткен менен аскерлердин жана деңиз жээк жоокерлеринин санын дагы көбөйтүп, аларды күчтөнтүш керек. Мындай идея туура экенине мен ынандым, анткени алдыда - экстремисттер жана радикалдар менен көпкө улана турган күрөш жатат", - деп билдирди Буш.
АКШ аскеринин санын көбөйтүү маселеси Ирактагы абал менен байланыштуубу деген суроолор берилди, бирок президент Буш бул эки маселени түз байланыштырган жок жана Ирактагы аскерлердин саны көбөйтүлө турганы жөнүндө азырынча чечим кабыл алына элек деп билдирди. Ирак маселеси боюнча март айында түзүлгөн комиссия 6-декабрда чыгарган сунуштарга дагы президент азырынча жооп бере элек.
Алар Ирактагы абалды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жараянына кошуна мамлекеттер Сирия жана Иранды кошуш керек деп билдирген, бирок Буш азыр - алар менен сүйлөшүү өткөрүү азырынча эрте деп билдирүүдө, анткени алар өз эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат.
Азыр Иракта 140 миңге жакын америкалык аскер аракеттенүүдө жана президент Буштун айтымында, алар акыр-аягында жеңишке жете турганына ал ишенбесе, Иракта аскер кармабайт болчу.