Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : ПРЕЗИДЕНТ ЭКИ ЖУМАНЫН ИЧИНДЕ ЖАҢЫ ӨКМӨТ СУНУШ КЫЛЫШЫ КЕРЕК


(21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзү)

- Урматтуу депутаттар, урматтуу Марат Абдразакович! Сиз президент Бакиев менен азыр жолугам дедиңиз. Мен эки маселеге көңүлүңүздү бурат элем. Биринчиден, өкмөт и.о. болсо дагы ал парламент алдына жоопкер. Аны чакырып, угуп, тапшырманы берип иодон да кетир деп айтканга биздин толук укугубуз бар. Экинчиси, Исхак Масалиев туура айтты, кеткенден кийин кетиш керек, жарым жолдон токтобош керек. Үчүнчүдөн, Конституцияны биз кабыл алып атканда абдан жакшынакай жобо киргизгенбиз. Эски мыйзамдар жокко чыгарылганга чейин иштей берет. Мына ошону президент өзү айтып, губернаторлор менен акимдерди дайындап атасыз деп айтсаңыз. Президенттин атынан Алымбай Султанов айтты, эски закондор бар, ошону менен дайындай берет деп. Эми өкмөттү дайындоого келсек, ал боюнча да Конституциялык эски закон бар. Ал бүгүнкү Конституцияга каршы да келбейт, каршы келген күндө да ал иштейт, отмена болгонго чейин. Ошол боюнча президент эки жуманын ичинде жаңы премьер-министрдин кандидатурасын жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн кандидатураларын сунуш кылыш керек. Сиз муну ооз эки айтсаңыз дагы, биз токтом кабыл алып, президентке Конституциянын 95-статьясын өкмөт боюнча мыйзамдын статьясын көргөзүп, тез аранын ичинде улуу урматтуу өкмөт мүчөлөрүн бизге кайрадан жөнөтсүн.

Жаныш Рустамбековдун ырынын кайрыктарын угалы, бул жерде кантип ырдайт экен. Өткөндө биринчи куплетин уктук, эми экинчи куплетин бул жерге келип айтып беришсин. Биз буларды кайра бекитишибиз керек. Менин оюмча булардын бири да өтпөйт. Президенттин уникалдык шансы бар жаңы курамдагы өкмөт дайындаганга. Премьерден баштап туруп бири да өтпөйт. Бири өтүшү мүмкүн Аликбек, ал күнү себептер менен Кыргызстандын сыртында болуп калган. Президентке биз ушундай шанс беребиз, тарых берип атат. Ал эми парламентти таратам, жаңы шайлоо кылам деген Кулов президентти дагы бир жолу подставить этти. Сиз довыбор кылып таратып жибериңиз, бул антиконституциялык мыйзам деп. 24 дө мен манты жеп отургам, билбедим деп кутулду. Мына эми анте албайт. Анткени, ал указга ал өзү лично кол коюшу керек. Бул антиконституциялык госпереворот. Ар бир жарым жылда эле экиден госпереворот кыла берсе Кыргызстан буга чыдабайт. Эки попытка госпереворота: официалдуу Барктабасов, анан 6-ноябрь жана эки состоявшийся госпереворот: 24-март анан азыркы госпереворот. Көзү ачык “Белый пароходдо” февралда чоң чатак чыккан атат деп жазганда мен ишенбедим эле, баары тынч болот го Мелис Катмандуга кетип атат деп. Тарс этип туруп дагы мына жасап коюшту. Эми ким күнөөлүү?

Конституциялык сот 6 айдан бери иштебейт, президентке бир нече жолу кайрылганбыз. Мына Алишер Ахмедович отурат, 120га жакын судьянын мөөнөтү бүтүп атат, дагы келет. Биз тарап кетсек алар бекилбейт дагы, бүт сот бийлик органы паралич болот. Өкмөт паралич кетишти, парламентти таратса кетти, бүт бийлик органын таратып жиберип президент өзү калабы. Мындай башкарган адамды мен дүйнөдө көргөн эмесмин, өзүн өзү кризиске айдап келип атат, дүйнө, эл эмне дейт. Биз ошондуктан понедельникте сотторду шайлайбыз деп турабыз, мен өкмөттүн курамын бекиткенге чейин бир жума ары жылдырып коюшту сунуш кылам. Эгерде өлкөдө ушундай тоталдык кризис болсо, соту жок, Конституциялык соту, өкмөтү, парламенти жок, көчөдө чаң-тополоң болсо, президент ошол жоопкерчиликти указга кол коюп атканда, ошону эстеп туруп анан кол койсун. Данияр уламдан Астанадан улам звонок кылып атат дейт Мадумаровдун кабинетине: "эмне кол койбой атат, кол койдургула, президентке эч кимди киргизбегиле айнып кетет" деп. Эмне президент айныгыдай жетеленмеби.

Мен “Азаттыктан” угуп калдым Бишкектин чоң мечитин 30 аял келип басып алыптыр, жарымы Сузактан келиптир. Ошол аялдарды эмне үчүн басып алдың десе бул муфтий кетип ордуна жаны болуш керек дешет. Эмне үчүн десе, биздин айылда мечит курула элек дейт. Анан менин айдоочум айтат, "Өмүрбек мен булардын үнүнөн тааныйм, бул кетсин, тиги кетсин деп чыккан аялдар" деп. Мына ушул деңгээлге жеттик. Эгер кайра парламенттик шайлоо болсо дагы эмнелерди басат адамдар. Аны тарата турган, тыюу сала турган бизге окшогон парламент болбойт. Биз чыр-чатакты убагында келип сактап калганбыз. Ушуну түшүндүрүп айтыш керек. Эгер бүгүн ушуну талкууласак, Ташиевдин сунушун алып, ХИПИКти кийинкиге калтырып. Эгер мындай кризис боло турган болсо ХИПИКтен да чатак болобуз. Ошондуктан ушуну түшүндүрүп айтсаңыз. Биз да талкуулап, ушуну элге түшүндүрүшүбүз керек, түз берүүдөн айтсак. Өкмөттүн жаңысын дайындайбыз, президентке эски закон менен 2010-жылга чейин иштесе болот экен, өзү каалаганын берет, өзү каалаганы менен иштесин, биз бекитип беребиз. Бирок, мен айтам, азыркы өкмөттүн бирин дагы бекитпегиле.

XS
SM
MD
LG