Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: ЧУКУЛ ШАЙЛОО БИЙЛИКТИ АЛМАШТЫРУУГА АЛПАРАТ


Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн кызматынан чегинишинен улам түзүлгөн кырдаалды талкуулап жатат. Кечээ кырктан ашуун депутаттын катышуусунда дагы жыйын өтүп, бул маселе боюнча пикир алышуу жүргөн. Анда өкмөттүн кызматтан кетиши кадыресе көрүнүш катары бааланып, ал парламенттин тарашына негиз болбостугу белгиленген. Ал эми кокус парламент президенттин чечими менен таратылып, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланган шартта президенттик шайлоо дагы мөөнөтүнөн мурда өтүшү керек деген демилгелер чыгууда. ЖК депутаты Азимбек Бекназаров өлкөнүн саясий турмушундагы соңку кырдаал жөнүндө “Азаттык” менен ой пикир бөлүшкөн.

- Сиз кокус өкмөттүн отставкасынан улам парламенттик шайлоо мөөнөтсүз өткөн шартта президенттик шайлоо да мөөнөтсүз болсун деген сунушту эмнелер менен негиздеп берээр элеңиз?

- Өкмөт өз ыктыяры менен отставкага кетсе бул Жогорку Кеңешти таркатууга алып келбейт. Эгер президент ошондой чечим кабыл алса, бул Конституцияга каршы чечим болуп эсептелинет. Анткени, Кыргыз Республикасынын президентинин Жогорку Кеңешти таркатуу укугу эки эле учурда каралган. Бул эгерде депутаттар өз ыктыяры менен таркап кетсе үчтөн эки добушу менен, же болбосо премьер-министрдин отчетун үч айдын ичинде карабаса, эки жолу тең өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтсө, ошондо гана президент бизди мөөнөттөн мурда тарката алат. Эми ушул өкмөт өз ыктыяры менен отставкага кетти, Жогорку Кеңеш да кетсин деп жарлык чыгара турган болсо, коомчулуктун пикирин эске алып, жаңы Конституцияга ылайык жаңы шайланып келиш керек деген принциптин алдында тарата турган болсо, анда Жогорку Кеңештин да полномочиеси бар. Конституцияда так жазылган: бардык адамдар, бардык органдар мыйзам алдында бирдей деген. Ошол Конституциялык принциптин негизинде анда Жогорку Кеңеш өз полномочиесин колдонот. Анда Конституцияга ылайык мөөнөтүнөн мурда шайлоо кирип келсин деп биз дагы токтом кабыл коюшубуз мүмкүн.

- Демек президент ошондой жардык чыгарышы ыктымал деген маселе барбы азыр?

- Ушундай жарлык чыгаргыла деп президенттин айланасында жүргөн бир топ саясий күчтөр ар экени, командасы президентти такалап атканы маалым. Бирок президент андай чечим азыр чыгара элек. Эгер ошондой чечим чыгарганда анда биз да кечээ талкуулап, бардыгыбыз кетели да жаңы Конституцияга ылайык кайрадан шайланып келели деп чечмекпиз. Бул биздин конституциянын алдында бирдейлигибизди сактайт. Экинчиден, эгерде ошондой токтом алып койсок, бул токтом күчүнө кириши үчүн жанагыдай жазабыз. Эгерде Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндө, жаңы шайлоо жарыялоо жөнүндө президенттин указы чыккан күндө биздин токтом дагы ошол күндөн күчүнө кирет деген токтом алып коебуз.

- Азыркы шартта өлкөдөгү стабилдүүлүк, шайлоого даярдык көрүү үчүн шайлоолор артка жылганы эле оң. Ушул учурда жаңы өкмөттү Конституцияны бузбай түзүүнүн жолдору барбы?

- Жолдору толтура. Мен да сиздин пикириңизди толук колдойм. Бүгүнкү күндө азыркы кыргыз бийлиги эч кандай шайлоо өткөрө албайт, күчү жетпейт. Аны Куршабдагы, Таласта болбой турган шайлоо, Акматбаев Рысбектин округунда болгон шайлоолор тастыктабадыбы. Бүгүн Кыргызстандын шайлоо өткөргөнгө күчү жетпейт. Бул шайлоо дайындалса экинчи жолку бийлик алмаштырууга алып келишине көзүм жетип турат. Бул Конституцияда андай кризистен чыга турган жол барбы дейт. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кечээ күнү теледен айтып атат, ушул Конституцияга ылайык өкмөттү кантип куроо жөнүндө норма жок деп. Норма бар. 95 өткөөл жоболорунда так жазылган: ушул Конституция күчүнө киргенге чейин иштеп келген бардык мыйзамдар күчүн жоготконго чейин, же ушул Конституцияга ылайык келтирилгенге чейин иштей берет деп. Мына ошондуктан президент жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө законго ылайык бүгүн акимдерди, губернаторлорду дайындап эле жатпайбы. Азыркы Конституцияга ылайык аны ал дайындай албайт, аны премьер-министр дайындаш керек. Бирок жанагы мен айткан мыйзам күчүн жоготпогондугуна байланыштуу, же азыркы Констиуцияга ылайык келтирилбегендигине байланыштуу президент бүгүн өзү губернаторлорду дайындап атат. Ошондой эле жол менен бүгүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө Конституциялык мыйзам күчүндө турат. Ошондо өкмөттүн кандай курала тургандыгы жазылган. Ошол Конституциялык мыйзамдын негизинде президент азыркы өкмөтүн курай берсе болот, губернатор менен акимдерди дайындагандай эле. Ошол жол-жоболор так жазылып күчүндө турат. Ал мыйзам жоголгон жок. Биз алган конституциялык закондун өткөөл жоболорунда 95-статьясында өтө так жазылган, президент ошол норманын негизинде эски тартипте эле премьер-министрди бизге сунуштап, биз ага макулдук берип, өкмөттү курап иштей берсе болот. Бүгүн ал мыйзамдар күчүндө.

XS
SM
MD
LG