Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

КЫРГЫЗСТАНДЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК КРИЗИС БАСТЫ


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик башкаруудагы түзүлгөн саясий туңгуюктан чыгуу үчүн Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу керек деген демилге көтөрүп, жаңы долбоор парламентке таратылуу алдында турат деп жарыялашты. Депутаттардын экинчи тарабы мындай демилгени президенттин бийлигин күчөтүү максатындагы соодалашуу катары баалап жатышат. Бирок, аталган демилге парламентте расмий сунуш катары ачыктала элек.

Демилгечилердин башында турган депутат Камчыбек Ташиев жаңы долбоорду колдогондордун саны парламентте көпчүлүктү түзөт дейт, ошондуктан, Конституциянын жаңы редакциясы чукул арада кабыл алынарына терең ишенет. Анын айтымында, жаңы даярдалган долбоордо президенттин укуктарына, депутаттардын санына байланыштуу өзгөрүүлөр кирди:

- Долбоордогу башкы өзгөчөлүк өткөөл жободогу бийлик бутактарынын так милдеттери боюнча: президент 2010-жылга чейин кандай ыйгарым укуктарга ээ? Парламент 2010-жылга чейин 90 эмес, 75 болот жана ал өзүнүн кандай ыйгарым укуктарына ээ болот? Башкы өзгөрүүлөр ошол.

Депутат Ташиев бул маселе президент менен бир нече ирет акылдашылганын, демилгени элүүдөн ашык депутат колдоп, каршы чыккандар парламентте азчылыкты түзөрүн белгиледи.

Депутат Өмүрбек Текебаев президент мындай кадамга бара албайт деп, анын себептерин атады:

- Бүгүн-эртең президентке жаккан редакцияны алып бере коелу. Анан ал бизди (парламентти) таратпайт экен деген шантаж сунуштар болуп жатат. Эми бул болгону шантаж. Президент таратканга укугу жок. Президент күч менен гана таратышы мүмкүн. Президент бул кадамга барбайт деп ойлойм.

Депутат Бекназаровдун айтымында, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууда биз утулуп калдык деп ич күптүсү калган президенттин айланасындагылардын эле көтөргөн маселеси жана ал чатактан башка тыянак бербейт. Конституциянын азыр иштеп жаткан жаңы редакциясында депутат Ташиев белгилегендей, бир-эки күн ичинде кабыл алуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу депутат Темир Сариев буларды белгиледи:

- Бүгүнкү иштеп аткан Конституцияда Конституция же ага өзгөртүү, түзөтүүлөр үчтөн эки добуш менен Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алынат. Бирок, Конституциялык Соттун чечими менен үч айдан эрте эмес, алты айдан кем эмес деген жобо турат. Аны эч ким басып кете албайт.

Депутат Кубатбек Байболовдун көз карашында, мындай демилге көтөрбөсө деле жагдайдан чыгуунун толгон-токой жолдору бар экенин белгиледи. Мындай жолдун бирин сунуштаган депутаттар тобунун демилгеси айрым депутаттар тарабынан туура эмес чечемеленип калышы да мүмкүн дейт депутат Искак Масалиев:

- Эми жаңы Конституция кабыл алуу деген сөз шашылыш пикир деп ойлоп атам. Ушул Конституциядагы кемчиликтерди жоюуга мыйзамбы же талкуу жөнүндө мыйзам кабыл алсак болот. Муну үч тарап тең: өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент отуруп, чыр болгон келишпестиктерди карап, бир мыйзам иштеп чыксак болот. Кээ бир эрежелер 2010-жылдан иштеп баштасын деген ушундай эрежелерди иштеп баштасак болот.

Анткен менен, күн аягына чейин депутат Камчыбек Ташиев белгилеген Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору депутаттарга таратылган жок. Жогорку Кеңештин төрагасынын президент менен кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулаган сүйлөшүүлөрү уланды. Акыркы кабарларга караганда, президент жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларын даяныдоо, күч структураларын, өзгөчө кырдаалдар министрлигин көзөмөлдөө, жергиликтүү жана Жогорку Сот судьяларын парламентке сунуштоо укуктарын өзүнө алуу шартын коюп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG