Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

«МАТРЕШКА» ЖАҢЖАЛЫНАН ЖАНЫШ БАКИЕВ КУТУЛДУБУ?


Президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин Жогорку Кеңешке каршы арызын 20-декабрда Бишкек райондор аралык соту канааттандыргандан соң коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болду. Айрым байкоочулар бул окуяны саясий чечим катары баалашса, башкалары УККнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаныш Бакиев сотко кайрылбай деле койсо болмок дешүүдө.

“Матрешка” жаңжалынан соң кызматынан кетүүгө аргасыз болгон Жаныш Бакиев Жогорку Кеңешке каршы сотко арыз менен кайрылып, 20-декабрь күнү сот анын арызын канааттандырган эле. Бишкек райондор аралык сотунун мындай чечиминен кийин айрым жарандар ансыз да өлкөдөгү абал курчуп турганда, бул ишти козгобой туруш керек эле деген ойлорун айтып чыгышты.

Парламенттин төрагасынын орун басары, депутат Тайырбек Сарпашев “Матрешка” жаңжалына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайланган эле. Анын айтымында бул ишке байланыштуу иликтөө иштери жыйынтыкталбагандыктан бир нерсе деш кыйын:

- Эми негизинен мен комиссиянын төрагасы болгондуктан айтсам, комиссия өз ишин аягына чыга элек. Айрым документтерге биз тактоо маалыматтарды ала элекпиз. Өзгөчө мына Леон шаарынан, Интерполдун башкы башкармалыгынан бизге жооп келген. Жакында жөнөтөбүз деп. Ошону күткөнгө чейин мен кандайдыр бир комментарий бергенден оолак болсом деген ниетим бар.

Ошондой эле ал Бишкек шаардык райондор аралык сотунун чечими тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Негизинен сот чечимин чыгарды. Жогорку Кеңеш өзү эгерде шаардык сотко же Жогорку сотко кайрылабыз, же бул чечимге макул эмеспиз десе - ага Жогорку Кеңештин укугу бар. Ушуну менен макул болобуз дешсе Жогорку Кеңеш кечирим сурашы керек, - деди Тайырбек Сарпашев.

Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, бүгүнкүдөй курч кырдаалда унутулуп бараткан “Матрешка” чатагын кайра козгоп, сотко кайрылыштын кереги да жок эле:

- Мен ойлойм бул “Матрешка гейт” маселесин дүйнөлүк коомчулук да, парламент да, эл да унутуп калган. Азыр ушундай өкмөт отставкага кетип атканда бул маселени көтөрүштүн эч кажети жок эле. Соттор да мурдагыдай болбош керек. Акаев заманында кандай болсо, азыр деле ошондой болбош керек. Соттордо реформа жүрүш керек. Анан Жаныш Салиевичтин ишин азыр көтөргөн бизге, президентке да жакшы аброй алып келбейт. Муну такыр басма сөздө чыгарбаш керек болчу. Соттон да караштын кереги жок эле.

Мындан мурдараак Жаныш Бакиевдин арызын Бишкек райондор аралык экономикалык соту карабаш керек эле деген ойлор пайда болгон. Бирок, судья Жыргалбек Нурунбетов арыз юридикалык жак болуп саналган УУКдан да түшкөнүнө таянып, мындай жүйөөнү четке каккан. Юрист Шамарал Майчиев буга мындай аныктама берди:

- Жаныш Бакиев гана эмес УКК да арыз бериши мүмкүн. Ушундай эки-үч жаат болот да. Юридикалык жак, анан жеке тарап болуп төрт-беш киши берсе анда ошол райондор аралык сот карайт.

Ал эми парламент төрагасынын орун басары, депутат Кубанычбек Исабеков, парламенттин токтом аркылуу Баш прокурорго буйрук бергендей акысы жок эле деген ойдо:

- Жанагы факт болгон. Текебаевге куурчак салып, тияктан кармалып, түрмөдө бир аз отуруп чыгып. Эларалык ызы-чуу болуп. Эмдигиче чейин тергөөнүн жыйынтыгы жок. Ошол эле маалда биз юридикалык жактан алганда токтом менен Баш прокуратурага буйрук бергендей акыбыз жок болчу. Бул – факт. Муну моюнга алыш керек.

Ошентсе да депутат Өмүрбек Текебаев бул иш боюнча депутаттар жогорку инстанцияларга кайрылышарын билдирүүдө.

Ал эми мындай окуялардын пайда болушуна себепчи болгон “Матрешка” окуясын, учурда Баш прокуратура иликтеп жатат. Президент Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсүнө ылайык бул иш боюнча Баш прокуратура жыл жаңырганга чейин билдирүү жасамак. Бирок, жаңы жылга саналуу гана күндөр калганына карабай андай билдирүү азырынча жасала элек. Ошентсе да баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин жыл соңуна чейин билдирүү жасайм деген сөзү бар.

XS
SM
MD
LG