Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛЫП БЕРБЕСЕ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТЫШЫ МҮМКҮН


Жогорку Кеңеш Конституциянын кезектеги жаңы редакциясын кабыл алуу маселесин күн тартибине киргизип, талкуулап баштады. Оппозициялык маанайдагы депутаттар буга кескин каршы чыгып, Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, ал мыйзамдуу жол менен жасалыш керектигин билдиришти.

Өкмөттүн кызматтан кетүүсү менен Конституциянын айланасында талаш-тартыштар кайрадан күч алды. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бейшемби күнү кечке чейин президент Курманбек Бакиев, анын администрациянын жетекчисинин орун басары Медет Садыркулов менен сүйлөшүүдө болуп, абалдан кандайча чыгуунун жолун талкуулаган. Ага чейин 41 депутат кырдаалдан чыгуу үчүн Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууну сунуштаган эле.

- Мен бир бүтүмгө келе алган жокмун. Бирок депутаттардан бир бөлүгү Конституциянын жаңы долбоорун киргизип, карап көрөлү деп сунуш кылышууда. Ал долбоор мага келип түштү. Мен аны комитетке бергенмин,-деди Марат Султанов.

Президент депутаттар сунуштаган долбоорго каршылык билдирген эмес. Бирок парламенттеги оппозициялык депутаттар терс пикирин айтып чыкты. Депутат Азимбек Бекназаров буларды белгиледи:

-Биз баягы күндөгүдөй түндө Конституция кабыл алып койсок, эртең бир айдан кийин башка күч келсе дагы башка Конституция кабыл алабызбы? Мына ошол жагы кандай болот? Бул жакшылыкка алып келбейт.

Ал эми депутат Болот Шерниязовдун пикиринде, Конституцияга жеңил ойлуулук менен караш бул биздин бүгүнкү парламенттин жеңил ойлуулугун далилдеп турат:

-Регламентти алсак, Марат Абдыразакович, комитет бир адамдан туруп, чечим кабыл алыптыр, Исхак Абсаматович Масалиев өзү төрага, өзү орун басар, өзү мүчө болуптур. Бир күндүн ичинде эле адамдар чогула калып эле жаңы Конституция кабыл алабыз дегенибиз эмне болуп калат? Ооба, кээ бир келишпестиктер бар. Ошолорду оңдошубуз керек. Бирок баары мыйзам чегинде болсун.

Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууну сунуштаган депутаттардын катарында турган депутат Камчыбек Ташиев мындай жооп айтты:

- 9-ноябрда жаңы Конституцияны кабыл алаарда 8-ноябрда түнү мыйзамсыз учредителдик чогулуш деп жыйналып, ошону менен Конституцияны кабыл алабыз деген депутаттар да барсыңар. Ошондо биздин учредителдик чогулушубуз мыйзамдуу, биз ушуну менен кабыл алсак болот деп дүйнөгө жар салган депутаттар да силерсиңер. Мына ошондо Конституцияны бир жолу көрүп коелу, анан кабыл алалы дегенде бизди укпастан, чоң басым менен кабыл алган депутаттар силерсиңер.

Ташиев бул долбоордо 9-ноябрда кабыл алынган Конституция негизинен сакталганын, ошондуктан долбоор менен таанышып чыгууга депутаттарды чакырды.

Депутат Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев 9-ноябрдагы Конституция мыйзам чегинде кабыл алынганын эскертти.

41 депутат тарабынан сунушталган жаңы долбоордо президенттин ыйгарым-укуктары кайрадан күчөтүлгөн. Президент күч министрлерин жана тышкы иштер министрин, губернатор, акимдерди дайындоого укук алган. Ал эми жаңы Жогорку Кеңеш шайланганга чейин өкмөт эски Конституцияга ылайык дайындалат. Башкача айтканда, президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт башчысын дайындайт.

Партиялык тизме боюнча шайлоо болуп, Жогорку Кеңеш жаңырганда шайлоодо жеңген партия өкмөттү түзүү укугуна ээ болот. Депутаттар сунушталган долбоорду бүгүн кароого киришет. Ал 51 добуш менен кабыл алынууга тийиш. Долбоор анчалык добуш алаарына ишенбесин депутат Текебаев белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG