Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

“ЗАМАНДАШ” ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫН АТАЙТ


Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында “Замандаш” элдик журналы “Жылдын мыкты адамдары” сыйлыгынын номинаттарын сыйлайт.

Журналдын “Жыл мыктылары” сынагы быйыл үчүнчү ирет өткөнү турат. Бул сынак кыргыз журтчулугуна төбөсү көрүнгөн инсандардын, кыргыз эли үчүн пайда алып келип жактан мекеме уюмдардын, ишканалардын ишине дем-күч, шык берсе деген максатта уюштурулган. Жыл мыктыларын аныктоодо атайын түзүлгөн комиссия бар. “Замандаш” журналынын негиздөөчүлөрүнөн, кызматкерлеринен жана журнал менен дайыма тыгыз байланышта болгон диаспоралардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия жыл мыктыларын тандоо боюнча жыйырмадан ашык номинация киргизген. Атай кетсек жылдын мыкты саясатчысы, депутаты, мамлекеттик жетекчиси, министри, ырчысы, дарыгери, мыкты ишканасы, коомдук уюм. Бул номинациялар боюнча талапкерлерди атайын жүргүзүлгөн сурамжылоо аркылуу тандап алдык дейт “Замандаш” журналынын башкы редактору Бакай Шүкүров. Атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде жыйырма номинация боюнча отузга жакын талапкер жана мекеме уюмдар катталган. Ал эми булардын ичинен элдин көп добушуна ээ болгон жеңүүчүлөргө бүгүн улуттук опера балет театрында “Замандаш” журналы атайын сыйлыгын тапшырат. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда быйылкы сыйлыкты тапшыруу аземи өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчөөрөк болот. Башкача айтканда номинанттарды атайын лимузин машинеси менен алып келишип, видеого тартышып, жалпы кыргыз элине көрсөтүшөт.

Ал эми өткөн жылдын мыктысы болгон инсандар бул жолу ардактуу конок катары келишип, быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырышат.
XS
SM
MD
LG