(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)
- Урматттуу кыргыз элинин депутаттары, бүгүн биздин элдин тарыхына, маңдайына дагы бир чоң сыноо туш келип жатат. Менин оюмча, депутаттар сиздер элдин ишенимине ээ болуп шайланып келген лидерлер катары, ушул татаал саясий убакта менин оюмча эч жаңылбай туура чечим кабыл аласыздар. 9-ноябрда кабыл алынган Конституция менен өткөн жылкы марттагы революция өзүнүн мүдөөсүнө жетти. Бул Конституция кыргыз элин бириктирип, мындан ары саясий стабилдилдүүлүккө алып келип, экономикалык жактан өнүгүүгө, кыргыз мамлекетинин өз ордун табууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү каралып жаткан депутаттардын берген сунушу, мен буларды түшүнөм, булардын укугу бар. Бирок, жаңы Конституциянын токсонунчу статьясынын негизинде, Конституцияны кабыл алуу процедурасынын негизинде Конституциялык Сотко берүү жолу менен ушуну аткарса болот. Бирок бул Конституцияны ушул жерден кабыл алганыбыз өтө туура эмес. Өтө кооптуу, коркунучтуу кадам. Бул сөзсүз баягы биздин элдин парламентке болгон ишенимин, бийликке болгон ишенимин биротоло суутуп, кыргыз элинин, мамлекеттин стабилдүүлүгүн кетирип, чоң чатакка алып келет. Ушуга биз жол бербейли.