Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАП ЖАТАТ


Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул мыйзам долбоору 41 депутаттын демилгеси менен сунушталган. Анда парламенттин бир катар ыйгарым укуктары кайрадан президентке өтүп, мамлекет башчысынын бийлиги күчөтүлгөн. Оппозициядагы депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы болушууда. Алардын пикиринде, эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса анда Кыргызстан кайра авторитардык мамлекетке айланат.

Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жетекчиси Исхак Масалиев долбоор боюнча түшүндүрмө бергенден кийин, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Осмон Артыкбаев 8-ноябрда Конституция кабыл алуу учурунда Искак Масалиев өз ыктыяры менен кол койгонун анын эсине салып, эмне үчүн тез эле көз карашы өзгөрүп кеткенин сурады. Ал эми И.Масалиев эч ким менен акылдашып, эч ким менен сүйлөшпөгөнүн айтып, алар сунуштаган долбоор Башмыйзамга тактоо иретинде жазылганын белгиледи. Мындан кийин бир катар депутаттар И.Масалиевге суроо берип жатып, аны катуу сынга алышты жана долбоордогу бир катар кемчиликтерди көргөзүп беришти.

Атап айтканда, Конституциянын жаңы долбооруна ылайык парламенттин бир катар ыйгарым укуктары президентке берилип калган. Парламенттин укугун алуу мамлекеттик түзүлүштү бузуу деген сөз, деди депутат Темир Сариев. Анын айтымында,Конституциянын жаңы долбоорундагы 68-беренеде парламенттин мыйзам чыгаруу укугу президентке берилиптир. Парламенттин укугун алуу мамлекеттик түзүлүштү бузуу деген сөз.

Депутат Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө президент К.Бакиев депутаттарды эгер ишембиге чейин жаңы Конституция кабыл алып бербесеңер таратып жиберем деп коркутуп жатат, деп билдирди. Президент Жогорку Кеңешти тарата албайт, парламент президентти кызматтан алалат, президент алгач жаңы шайланган комитет төрагаларын кабыл алып алар менен куттуктайт дагы, кайра көп өтпөй бул парламент мыйзамдарды туура эмес кабыл алып жатат деп чыкты, президент бир сүйлөш керек, деди депутат. Ө.Текебаевдин пикиринде, алгач бийлик А.Акаевдин Конституциясынан кутулдук деп элге жарыялап алып, кайра эми ошол эле авторитардык Конституцияны кайрып алганга аракет кылып жатат.

Депутат Болот Шерниязов өкмөттү жоопкерчиликтен коркуп, отчет бербей, анын ордуна кызматтан кетип, тополоңго салды деп сынга алды. Ал президентти Конституцияны өзгөртүүнү каалаган кандайдыр бир топтун барымтасында калды деп белгиледи. “Алар бизди жаман жолго түртүп жатат, президент өзү терең ойлонуп бир чечим кабыл алышы керек”, деп баса белгиледи Б.Шерниязов.

Депутат Арслан Малиевдин пикиринде, жаңы Конституцияга ылайык өтө чоң өзгөрүүлөр болушу ыктымал. "Мен мындай нерсени эл менен кеңешишим керек", деди А.Малиев. Ал мурдараак Кыргызстан ар бир айда бирден Конституция кабыл ала берсе дүйнө коомчулугу буга эмне дейт деген суроо койгон эле.

Депутат Азимбек Бекназаровдун ою боюнча, президент Курманбек Бакиев бул Конституцияны парламент кабыл алып берген күндө да ага кол койбой коюшу ыктымал. Анткени, биринчиден, ал антиконституциялык жол менен кабыл алынганы турат, экинчиден, дүйнө коомчулугу алдында кайра Акаевдин Конституцияны кайтарып алды деп сынга калууну каалабайт. Мындай учурда эл алдында парламент гана уютка калат жана бул болсо парламентти таратууга негиз болуп берет. Ошондуктан биз бул Конституциянын долбоорун кабыл албашыбыз керек, ал эми азыркы Башмыйзамдагы кемчиликтерди мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен жоёлу, деди А.Бекназаров.

Азыр парламентте талкуу улантылып жатат.

XS
SM
MD
LG