Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

ТЕМИР САРИЕВ: СУПЕРПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА БАРАТАБЫЗ…


(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

- 9-ноябрда кабыл алынган Конституция бийлик менен парламенттин келишими болчу. Биз ошол келишимди кабыл алып, коомдогу эрежени тактап, системаны сындырганбыз. Азыр кайсы бир күчтөр президентти мыйзамсыз жолго түртүп атат. Мыйзамды жана Башмыйзамды бузуп, өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулатууга. Ошол жанындагы кишилер кайра көчөгө чыгат, кол коюп мыйзамды бузду, муну тактыдан кетириш керек деп чыгышат. Булардын кылган иштери дал ушундай ойго түртүп атат. Ушундай күчтөр бар азыр. Мен ошондуктан бул долбоорду Конституциянын чегинде караш керек деп ойлойм. Мадумаров өткөндө келип айтты эле, бул долбоор президенттик башкаруу деп. Анда азыркы долбоор менен суперпрезиденттик башкарууга өтүп атабызбы?

Биз эки кадам артка кетип атабыз. 24-мартта бийликке реформа кылам, системаны өзгөртөм деп келсе анда бул атайын күчтөр Бакиевге кайра авторитардык режимди орнот деп атат. Эгер ошондой боло турган болсо анда эл сиз төңкөрүш менен келгенсиз, мыйзам алдында жооп бериңиз деп айтышат.

Өкмөт боюнча айтып кетейин. Өкмөт кеткенден кийин кризис болду деп атышат. Мамлекетте кризис жок, өкмөттө кризис бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир жылда он жолу саясий шартка карата өкмөт алмашышы ыктымал. Биздин өкмөт эмне кылды? Бир жарым жыл ичинде мамлекетти экономикалык-социалдык банкротко алып келди. Ошондуктан Кулов өз колу менен ХИПКке киребиз деп Дүйнөлүк банкка жазып атат. Ушул өкмөттү сактап калабызбы? Президент Куловду сактап калгыча, мамлекетти сактап калсын. Бул өкмөт иштей албайт. Азыр бизге ачык-айкындык менен реформа жасай ала турган өкмөт керек.

XS
SM
MD
LG