Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: БҮГҮНКҮ ТУЮККА 9-НОЯБРДА КЕЛГЕНБИЗ


(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

- Биз башында айтып кеткендей өзүбүз 41 депутат кол коюп, өзүбүздүн Конституциялык укугубуздан пайдаланып, Конституцияга жаңы долбоорун киргизип кабыл алууну силердин талкууңуздарга койдук. Бул коюшубуз, ал эми ал Конституцияны кабыл алышы, алынбашы, же аларга өзгөртүү, толуктоо киргизилеби анын бардыгы силердин колуңуздарда.

Мына биз бүгүнкү тупике качан келдик. Биз бүгүнкү кырдаалга 9-ноябрда келгенбиз. 9-ноябрь Конституция кабыл алынган күнү ушул жердегиңердин бардыгы көпчүлүгүңүздөр биригип туруп, Конституцияны кабыл алганыныздарда мен жападан жалгыз каршы болгомун, жана да каршымын. Себеби 9-ноябрда кабыл алынган Конституция биздин мамлекеттин келечегин аныктай албайт. Бизди мындан ары дагы ушул саясий конфликттерге түртүп тура берет. Себеби ал Конституцияда өтө көп катачылыктар кеткен.

Биз айтып атабыз, эптеп эле кабыл алынган Конституция 9-ноябрда болгон. Ал эми азыр болсо урматтуу депутаттар ар бир бириңиздерге биз берип талкуулагыла дедик, көрсөтүп, туура, туура эмес жерин карагыла деп атабыз. Ал эми 9-ноябрда бириңер да колуңарга Конституция кармаган эмессиңер. Ушул жерде туруп бардыгыбыздын үстүбүздөн басымды жасап, колу-бутуңарды байлап туруп, коркутуп-үркүтүп туруп кабыл алдырган. Мына ошондо да коркуткан. Эгерде кабыл албасак парламент тарайт экен, же болбосо эл бири-бири менен чабышып жатып калат экен деп. Кудайга шүгүр биздин кыргыз эли акылдуу эл, бул жердеги 10-15-20-3—100 саясатчынын акыбалына кирип аларча чабашып жатып калбайт.

Ошондуктан урматтуу депутаттар, биз азыр сиздерге сунуштадык. Аны карап көрөсүздөр. Биз эмне деп атабыз, ошол 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияны оңдойлу, түзөйлү, мамлекетке ылайыктуу кылып туруп, мамлекет Конституциянын негизинде жашасын деп атабыз. Ошону туура түшүнүңүздөрдү суранат элем. Өткөн 9-ноябрда кабыл алынганда биз айттык эле, ошондо мага мүмкүнчүлүк берилген эмес, азыр мүмкүнчүлүгүм бар айтып калайын, статьялар боюнча биз талкуулайлы, мыйзамдар сакталбай атат, мыйзамдын сакталышынын негизинде кабыл алалы дедик эле. Мына азыр ошол бардык мыйзамдын негизинде бүгүнкү күндөгү юридикалык жолун табуунун негизинде гана силер талкуулап отурасыңар. Кабыл аласыңарбы, кабыл албайсыңарбы ар бир отурган депутаттын өзүнүн эрки. Кабыл албагыла, эч ким силерди кабыл ал деп суранбайт. Кабыл албасаң эртең эл чабышып кетет деп биз эч кимди коркутпайбыз. Ал эми кабыл албай койсоңор, аны да өзүңөр билесиңер. Эртең мамлекетти кандай жол күтүп турушун да кабыл алган, албаганынан байланыштуу болот го деген ойдомун.

Ал эми айтып атабыз, кол тийбестик боюнча деп. Ошол маалда мен айткам кол тийбестикти алышыбыз керек, же чектешибиз керек деп. Дагы деле ошол оюман кайтпайм. Биз Конституция киргизип, кол тийбестикти чектешибиз керек. Биз бүгүнкү күндө депутаттардын абсолюттук кол тийбестигин чектөөгө жетишишибиз керек. Мына биз ушундай укуктарга өзүбүздөн баштай турган болсок, биз өзүбүздөн коркпостон, эртең бизди камап коет, эртең куугунтук болот дегенден коркпостон өзүбүздөн баштай турган болсок, ошондо эл бизди жакшы түшүнөт. Президенттин чечимин айтып атышат, мен ойлойм, президент чечимин биз кабыл алгандан кийин гана айтат. Ошондо ал кол коюу менен, же кол койбоо менен өзүнүн чечимин билдирет деген ойдомун. Ал эми бүгүнкү күндө көрөгөчтүк кылып, президент кимдир бирөөнү колдоп атыптыр, же президент кимдир бирөө жагынып атыптыр деген бул туура эмес. Каалайсынарбы, ошол 41 депутаттын арасында эки эмчекти эмген депутаттарыбыз бар. Кол коюп барып алышып, анан жактабайм деген адамдарыбыз бар. Биз бир позицияда жаман болсо да турушубуз керек. 9-ноябрда мен акырына чейин жападан жалгыз тургам. Мындан ары жалгыз калсам дагы айтам, бул Конституция бизи, мамлекетибиздин эртеңки келечегин аныктай албайт. Биз бүгүн болсо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү, 2-3 айдан кийин баары бир ушул Конституцияны толуктап, өзүбүзгө ылайык кылмайынча, учурга, талапка ылайык кылмайынча жашай албайбыз. Биз мындан ары конфликттерге бара беребиз. Ошондуктан өкмөттүн кеткенинен пайдаланып, бүгүнкү саясий кырдаалга байланыштуу биз бүгүнкү күндө эгерде оңдоп, түздөп ала турган болсок биз утмакбыз.

Мен бардыңыздарды Конституцияны кабыл алып бергиле, добуш бергиле, бербегиле деп үндөбөймүн. Ар бириңиздер өзүңуздөр депутаттык, атуулдук, юридикалык позицияңарды көрсөтүп добуш берүүңүздөрдү суранам.

XS
SM
MD
LG