Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

БАКЫТ БЕШИМОВ: КРИЗИСТИН ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ АБАЛЫНА КЕТИП БАРАТАБЫЗ


“Демократиялык күчтөр биримдиги” партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимов Өкмөт кызматтан кеткенден кийин өлкөдө түзүлгөн кырдаал, парламентте болуп жаткан Конституциянын айланасындагы талаш-тартыштар жөнүндө өзүнүн байкоолорун «Азаттык» менен бөлүштү.

- Жогорку Кеңеш бүгүн Конституциянын кезектеги жаңы редакциясы жөнүндөгү маселени талкуулап жатат. Жаңы Конституция кабыл алынганына бир айдан бир аз ашты, жарыяланганына 2 эле жума болду. Азыркы абалды чын эле Конституциялык кризис деп атайбызбы, же кайра эле бир чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн кырдаалдан пайдаланып жүрүш жасоо үчүн кризис жаратуу аракеттериби?

- Жалпысынан муну саясий кризис деп айтса болот. Биздин мамлекетибиз өтө тереңдеп батып аткан кризис деп айтсак болот. Анын негизги себеби эмне болуп жатат? 2005-жылы 24-мартта кийин Кыргызстанга өзгөрүүлөр эмнени алып келди? Тилекке каршы, жалпы Кыргызстанды саясий башкаруучу элитанын өтө чабал жана бош экендигин да көрсөтүп атат. Ошонун негизинде ушундай терс нерселер болуп жатат.

- Эми кандай дейсиз ушул саясий оюндардан арыла албасак, жаңы Конституция буга шарт түзбөсө азыркы бийликтин, парламенттин, анын ичинде оппозицияны да саясий жактан банкротко кептелиши деп атасак болобу?

- Жок, банкрот деп айтыш өтө кыйын. Бирок, кээ бир нерсени белгилеп кетиш керек. Биринчиден Конституциялык реформаны өткөрүүдө, албетте, бийлик тарабынан да, оппозиция тарабынан да бир топ катачылыктар кетти. Ошондо Конституциялык реформаны пландын негизинде саясий оюнга айлантпай өтө жакшы формада кабыл алса туура болот эле. Жалпы Кыргызстанга керек эле. Андай, тилекке каршы, болбой калды. Бул азыркы Конституциянын долбоору эки бутактын күрөшүнүн негизинде, болгондо да шашылыш түрүндө чыгып атат. Айтып коюш керек, аткаруучу бийлик дагы, биздин мыйзым чыгаруучу бийлик да бири-бири менен жалпы тил таба албады. Бул маселе боюнча деле эмес, башка маселелер боюнча да. Үчүнчүдөн, аткаруучу бийлик көп, өтө принципиалдуу маселелерге үстүртөн карап, анан жалпы Кыргызстанды туңгуюкка түртүп салды. Мисалы, ХИПИК маселесин карап көрүңүз. Азырга чейин жалпы элге түшүнүксүз. Мурунку алынган кредиттер кайда кеткени. Ошондуктан, кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн? Биринчиден, сөзсүз оппозиция азыркы Конституциянын жаңы долбоорун алууну эч качан мойнуна албайт, буга каршы чыгат. Жалпысынан биз азыр кризистин өтө коркунучтуу абалына кетип баратабыз. Мен ойлойм, мындай кете берсек катуу салгылашууга баратабыз, элди ошого түртүп атат эки тарап. Ошон үчүн мен жалпы саясий элитаны өтө чабал, терең ойлонбогон саясатка кокустан келип калган адамдар деп айтат элем.

- Эми эмне кылуу керек, анда кайра өзгөртүүгө баруу керекпи Конституцияны?

- Өзүңүз көрүп турасыз, президент өзүнүн шарттарын койду. Шарттарын кыскача айтканда, мурунку менин полномочиемди кайтарып бергиле деп атат, парлменттин ичинде бөлүнүү, ажырым турат. Алар айтып атат жаңы Конституцияны кабыл алыш керек. Башкалар айтат: биз кабыл албадыкпы, бир кадам алдыга жылыш болбодубу, кантебиз деп атат. Менимче, аткаруучу бийлик, президент баш болуп алып туруп ошол парламент менен канчалык кыйын болсо дагы конструктивдүү иштегенге жол ачыш керек эле. Андай шарттар бар. Азыркы учурда саясий эгоизмге өзүн алдырып туруп анан, мен бийлигимди колуман келишинче пайдаланайын деп басым жасагандан эч нерсе чыкпайт. Тигилер ага моюн сунбайт. Булар деле азыр катуу турат. Көрөсүздөр, эч болбогондо жазга өтүп барганда жаңы митингдер башталат. Ошондуктан, мен айтып атам, коркунучтуу абалга кетип баратабыз деп. Экинчи кырдаал, парламенттин ичинде деле бир консенсустун негизинде иш жасаса болот эле. Азыр болсо парламенттин ичинде кризис болуп кетти, ажырым болуп туруп эки группага бөлүнүп, бири айтып атат, же Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алабыз, же тарашыбыз керек деп атат. Тараганда азыркы парламент ичиндеги көпчүлүгү кайрадан шайланып келбейт. Оппозициячыл депутаттардын 80 пайызы менимче кайрадан келет.

- Бакыт мырза, демек саясий кырдаал курч деңиз, сизге бөлүшкөн ойлоруңузга чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG