Өкмөттүн кызматтан кетүүсү, анын артынан чыккан мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо маселесине бейшемби күнү кечинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу чатагы кошулду. Жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү парламентти таркатуу маселесинде кайчы пикирде болсо, жаңы Конституцияны кабыл алуу өлкөнүн аброюна доо кетирерин жана долбоорду Акаевдик конституцияны кайтарып келүү аракети катары баалашууда.
Конституциянын жаңы редакциясын коомдук ишмер Эдил Байсалов авторитардык режимге кайтуу катары баалады: "Мурунку авторитардык режимди көрсө биз Бакиевдин колуна, келечектеги президенттердин колуна кайтарып беришибиз керек экен. Менин оюмча бул контрреволюция, бул 24-мартта болгон революцияга каршы келет. Буга биз каршыбыз. Жогорку Кеңеш таркаса таркасын, өкмөт кетсе кетсин".
Байсалов демократиялык жетишкендиктерди артка кайтарууга каршылык билдирди. Ал конституциялык кризистен конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу менен чыгууга болорун, бирок күз айларына парламенттик шайлоо өткөрүү бышып жетилди деген пикирин айтты.
Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев абалдан чыгуунун эң дурус жолу парламенттин тарашы деп, буларга токтолду:
"Буга чейин Жогорку Кеңеш азыркыдай кырдаал болушун талкуулаган да эмес, эске да алган эмес. Жалаң эле саясат менен алек болуп калган. Тарайт дегенде эле талкууларды катуу жүргүзүп, бир нерсени жасайлы деп жатышат. Ага чейин Конституцияны жакшы карап кабыл алыш керек эле. Караган эмес, окуган эместиги эми билинип жатат. Учурда дагы эле ошондой жол менен карабай туруп эле, кабыл алайлы деп жатышат".
«Интербилим» уюмунун лидери Асия Сасыкбаева Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу маселесине мындай пикирин билдирди:
"Жаңыны кабыл алуу мүмкүн эмес. Анда кайра эле авториатардык системага кетип калабыз. Эгер андай болсо жаңы Конституцияны кабыл алуунун, 24-мартта революция кылуунун эмне кажети бар эле?"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев ай сайын жаңылап Конституция алуу өлкөнүн беделине доо кетирерин эскертет:
"Эми бул уят эле иш. Мурда кабыл алынган Конституциянын негизинде эле конституциялык мыйзамдарды кабыл алып, алга жыла бергенге мүмкүнчүлүктөр бар. Жаңы толуктоолорду киргизгенде эч нерсе деле өзгөрбөйт экен. Бирок Кыргызстандын конституциясындай деген сөз өлкөнүн парламентине да, өкмөтүнө да көлөкөсүн тийгизет".