Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАНГА КАРШЫ РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ


23-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы чектөөлөрдү киргизүү боюнча резолюция долбоорун бир добуш менен кабыл алды. Долбоордо Иранга уранды байытуу программасын токтотуу талабы коюлду. Коопсуздук кеңеш кабыл алган резолюцияда өзөктүк жана сателлит программалары үчүн колдонула турган материал жана технологияларды Иранга экспорттоо токтотулаары каралган. Ал эми Ирандын бул чечимге реакциясы кандай болду?

Коопсуздук кеңешке мүчө өлкөлөр ортосунда көпкө созулган катаал дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин Иранга карата чечим акыры кабыл алынды. Орусия жана Кытай үчүн Иран биринчи кезекте маанилүү соода өнөктөшү болуп келет. Андыктан Тегеранга карата киргизиле турган чектөөлөргө алар көпкө каршылык көрсөтүп келишкен. Ал эми Коопсуздук кеңешинин бул чечимин Тегеран сынга алып, өзөктүк программасынан баш тартпай тургандыгын дагы бир ирээт белгиледи. Коопсуздук кеңеште болгон добуш берүүдөн кийин Британиянын БУУдагы элчиси Эмир Жонес Парринин айтымында, бул чечим Иран кайрадан сүйлөшүүлөргө баруу үчүн кабыл алынды:

"Бул чечим кырдаалдын олуттуу болгонун дагы бир ирээт далилдейт. Эң негигиси Иран үчүн эшиктер жабык эмес. Биз дайыма Иран менен кызматташтыкка таянган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү издеп келебиз".

Бирок Ирандын БУУдагы элчиси Жавад Зариф бул чечимди Иранды коркутуу аракети катары баалап, алардын эң негизги максаты Ирандын укуктарын бузуп, Тегеранга басым жасоо үчүн Коопсуздук кеңешин колдонушууда деген пикирин айтты.
Ал эми Орусия жана Кытай бул чечимди бир гана шартта колдоорун билдирди. Алардын негизги талабы, резолюцияда эгерде Иран кеңештин талабын четке кага турган болсо, бул өлкөгө карата эч кандай күч колдонулбашы керек. Кытайдын БУУдагы өкүлү Ванг Гуангия бардык маселелер дипломатиялык жол менен чечилет деген үмүттө:

"Бул чечим үчүн Кытай дагы өз макулдугун берди. Бирок мен баардык маселелер жана суроолор дипломатиялык жол менен чечилээрине, баардык сүйлөшүүлөр кайрадан жандандырылат деп ишенгим келет."

Эми 60 күн аралыгында Иран Коопсуздук кеңештин чечиминин аткарылаарына өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик көз салат. Эгерде өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик талаптардын аткарылышына канааттанбаса, анда мындан да катуу чаралар колдонулат.

XS
SM
MD
LG